Статистика: Кыргызстанда эркек балдар көп төрөлүп жатат

Кыздар азыраак төрөлүүдө.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда аялдар менен эркектердин саны дээрлик бирдей.

Аялдар эркектерге караганда сегиз жылга көп жашайт. 2022-жылдын 1-январына карата өлкөдө калктын саны 6,8 миллион болду. Анын 50,4% аялдар түзөт. Жылына кыздарга караганда эркек балдар көбүрөөк төрөлүүдө.

100 ымыркай кызга 105 эркек бала туура келет. 80 жаштан улуу аялдардын саны эркектерге салыштырмалуу эки эсеге көп.

2020-жылы Кыргызстандагы аялдардын жашоо узактыгы 76, эркектердики 68 жаш деп эсептелген.

Кыргызстанда аялдар орто эсеп менен үч же андан көп бала төрөйт. (BCh)

Дагы караңыз

Өзгөрүүнүн символу: Орусияда "Макдоналдс" ачылган күнПакистандагы жардыруудан беш киши набыт болду Башкы прокуратура Өзгөндүн мэрин мыйзамсыз жер берүүгө айыптадыЖараат алган Курсанали: Баскан күнү Баткенге кетем