Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:35

Пакистандагы жардыруудан беш киши набыт болду


Пакистандын Балучистан провинциясындагы жардыруудан жаракат алгандар.
Пакистандын Балучистан провинциясындагы жардыруудан жаракат алгандар.

Пакистандын Балучистан провинциясынын Сиби районунда жолго коюлган бомбанын жарылуусунан коопсуздук күчтөрүнүн беш кызматкери каза болуп, 28и жаракат алды.

Мунун алдында ушул жолдон аталган райондогу маданий иш-чарага катышуу үчүн келген президент Ариф Алвинин кортежи өткөн болчу. Бул жардыруу мамлекет башчынын жок кылууга багытталганбы, жокпу иликтенип жатат. Жардырууга эч бир топ жоопкерчилик ала элек.

Балучистандагы жикчилдердин февралдагы чабуулунан 10 полиция кызматкери, февралдагы кол салуусунан үч аскер мерт болгон.

Аймакта жикчилдер бир нече топ түзүшкөн. Ооганстан жана Иран менен чектешкен бул аймактын козголоңчулары мурдатан бери Пакистандан көз карандысыздык алууга аракеттенип келет.

Провинцияда жардыруулар жана диний кагылыштар улам-улам кайталанып турат. 2004-жылы кагылыштар миңдеген адамдын өмүрүн алган. (ErN)

XS
SM
MD
LG