Нарын районунда сууга агып кеткен 9 жаштагы баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2013-жылы туулган Темирлан Түмөнбаев 7-мартта Орто-Нура айылынын "Кабак" аймагынан Нарын дарыясынын жээгинде муз тээп жүрүп сууга түшүп кеткен. Чогуу ойноп жаткан классташтары аны куткара албай калган.
Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактагы куткаруучулары, райондук милиция, жергиликтүү тургундар менен чогуу үч топко бөлүнүп, издөө иштерин улантууда. (MiK)
Дагы караңыз
Кыргызстанда пенсиянын көлөмүн 50% чейин көтөрүү пландалууда Мирлан Ураимов эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулдуЖогорку Кеңеш жыйынында Кумтөр маселеси каралатБишкектеги ири соода борборлорунда ККМ аппараттары текшерилүүдө