Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:41

Жогорку Кеңеш жыйынында Кумтөр маселеси каралат


Кумтөр кени. 13-ноябрь, 2021-жыл.
Кумтөр кени. 13-ноябрь, 2021-жыл.

Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Кумтөрдүн абалы жана "Центерра Голд" менен келишим каралат.

Бул тууралуу президенттин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмазбек Абытов билдирди.

"Кыргыз өкмөтү менен "Центерра Голд" компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча 4-мартта кабыл алынган токтомду күн тартибине киргизип, бүгүн 14:00дө жабык эшик артында карап берүүңүздөрдү суранабыз".

Абытовдун сунушунун негизинде Кумтөр маселеси жабык карала турган болду.

Ал ошондой эле түштөн кийин Президент Садыр Жапаров да парламентке келерин кабарлады. Жапаров жаңы дайындалган Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышат.

Жыйында жаңы дайындалган Билим берүү, илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен Санариптик өнүгүү министри Талант Иманов ант беришет.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. 2021-жылдын 19-декабрында президент Садыр Жапаров Жалал-Абаддагы иш сапары учурунда эл менен жолугушканда Кыргызстан "Кумтөрдүн" үзүрүн 2022-жылдан тартып көрө баштарын, январь айына карата бул ишканадан түшө турган таза киреше 300 миллион долларга жетери болжолдонуп жатканын айткан.

Быйыл 3-январда “Центерра” кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүдөгү өзүнүн негизги шарттарын жарыялаган, кыргыз тарап ага азырынча жооп бере элек.

2-январда президент Садыр Жапаров Кумтөр кенине барган учурда "Центерра" менен сүйлөшүүдө жакшы жылыштар бар экенин билдирген. (BCh)

XS
SM
MD
LG