Тажикстан Өзбекстан менен чек арасын 15-мартта толугу менен ачарын "Озоди" радиосу кабарлады. Чек ара 2020-жылдын апрелинен тарта COVID-19 пандемиясына байланыштуу жабык турган. Ошондон бери транзит жүктү тарткан оор машинелер гана өтө алчу.
Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб 7-мартта билдиргендей, чек арадагы текшерүү-өткөрүү пункттары “кадимкидей режимде” иштей баштады. Тажикстанга кирүү эрежелери да жеңилдетилди. Мисалы, тажик жарандары жана чет өлкөлүктөр COVID-19га каршы толук эмделгени тууралуу сертификат менен тест тапшырбастан кире алат. Өлкөгө кирүүдөн 72 саат мурун алынган анализи таза чыккандар да коронавируска текшерилбейт.
Штаб чек араны ачуу чечими Тажикстандагы эпидемиологиялык кырдаалдын жакшырганына байланыштуу жана Өзбекстан менен алаканы андан ары бекемдөө максатында кабыл алынганын белгиледи.
Эки өлкө ортосунда 16 чек ара пункту иштейт.
Ал эми Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы былтыркы апрелдеги жаңжалдан кийин расмий жабык бойдон турат. Кээ бир катмардагы жарандар үчүн гана эки тараптын макулдашуусу менен каттоого уруксат берилген.
Дагы караңыз
Пакистанда президентти коштогон кербенден кийин жардыруу болдуБайден Орусиядан энергия импортуна тыюу салары айтылуудаShell орус мунайы менен газын сатып алуудан баш тартты