Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:47

Shell орус мунайы менен газын сатып алуудан баш тартты


Дүйнөдөгү эң ири мунай жана газ компанияларынын бири Shell орус мунайы менен газын сатып алуудан баш тартып, Орусиядагы долбоорлордон чыгуу чечимин кабыл алды. Мындай чара Москванын кошуна өлкөгө кол салгандыгы үчүн көрүлүүдө. 8-марттагы билдирүүдө айтылгандай, компания адегенде чийки мунайды сатып алууну токтотот, буга чейин түзүлгөн келишимдер узартылбайт.

Shell Орусиядагы бардык май куюучу жайларын жабат, авиациялык отун жана майлоочу материадарды чыгарбайт. Компания бара-бара орусиялык мунай продуктылардан жана жаратылыш газын алуудан баш тартууну караштырууда.

Shell өткөн аптада, орус аскерлери украин шаарларын бомбалап, аткылап жатканда Орусиядан чийки мунай сатып алуу ката болгонун моюнга алды. Буга чейин компания "Түндүк Агым 2" долбоорунан чыгарын жарыялаган.

Ал арада британилык BP (мурдагы British Petroleum) Орусиядан мунай жана газ сатып алуу келишимдери түзүлбөсүн билдирди.

Орусия Украинага кол салгандан бери Батыш мамлекеттик деңгээлде Орусиядан мунай алууга эмбарго салууга чакырып келет. Бирок Евробиримдик мүчөлөрү бул маселеде мунасага келе элек. Германия жана орус газынан өзгөчө көз каранды бир нече өлкө мындай чара алардын экономикасына, катардагы жарандарга чоң сокку болорун айтышууда.

Орус мунайынан баш тартуу АКШда да талкууланууда.

6-мартта орус вице-премьер-министри Александр Новак "Түндүк агым" кууру менен газ жеткирүүнү токтотуп салышарын, Украинанын газ ташуу системасына жаралган коркунучтар тууралуу эскертти. Согушка карабай орус газы Евробиримдикке Украина аркылуу жеткирилип жатат.

XS
SM
MD
LG