Дүйнө жүзүндө COVID-19 илдетинен каза тапкандар 6 миллиондон ашты.
Мындай маалымат коронавирус пандемиясынын башталышынын үч жылдыгына карата АКШдагы Жонс Хопкинс университети жарыялаган маалыматта 7-мартка карай вирустан 6 миллион 97 кишинин көз жумганы айтылат.
Салыштыруу үчүн айтсак, Испаниядагы Барселона шаарынын калкы мындан аз.
Соңку төрт айда эле илдет миллион кишинин өмүрүн алды. Ушу тапта негизинен "омикрон" штаммы жайылууда.
Талдоочулардын айтымында, пандемия учурунда бир катар өлкөлөрдө чыныгы статистика жашырылып келгендиктен, COVID-19дун курмандыктары университет келтиргенден 2-4 эсе көп болушу мүмкүн.
Дагы караңыз
Токтогул сыйлыгы: талант менен таасирдин талашыЛавров менен Кулеба Анталияда жолугушатДинара Кемелова тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалдыКиев Москваны "реалдуу гуманитардык коридор" түзүүгө чакырдыМосква убактылуу "гуманитардык коридор" ачарын билдирди