Орусияда Украинадагы согушка каршы чыккандарды полиция кармап жатат

Украиналык аскер Киев облусунун Ирпин шаарында улгайган аялды эвакуациялоого көмөктөшүүдө

Орусияда 6-мартта согушка каршы акциялар өтүп жатат. Митингчилерди күч кызматкерлери кармап кеткенин "Настоящее время" телеканалы кабарлады.

Акцияларга катышууга чакырыктар негизинен Алексей Навальныйдын командасы тарабынан таратылууда.

4-мартта Владимир Путин "Орусиянын кызыкчылыктарын коргоо үчүн орус аскерлерин колдонууга жол бербөө" чакырыктары үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзамга кол койгон.

Алексей Навальныйдын Санкт-Петербургдагы штабынын экс-координатору Денис Михайловдо 6-марттын таңынан бери тинтүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Михайлов өзү "Телеграм" каналына жазды.

"ОВД-Инфонун" маалыматына ылайык, полиция Владивосток менен Иркутскидеги нааразылык акцияларында кеминде 64 киши кармалды.

Аталган басылма соцтармактарда согушка каршы акция жарыялаганы үчүн Краснодарда бир активист кармалганын билдирди.

24-февралда орус аскерлери Украинага басып киргенден бери Орусияда согушка каршы акцияларда 8349 адам кармалган.

Дагы караңыз

Руслан Казакбаев Москвада Козак менен Украинадагы кырдаалды талкууладыПутин кандай чоң ката кетирди?