Орусия Кыргызстандан жер-жемиш ташууга уруксат берди

Орусиянын "Россельхознадзор" ишканасы Кыргызстандан помидор жана калемпир ташууга уруксат берди.

Аталган мекеменин сайтындагы маалыматка ылайык, 5-марттан тарта тогуз мамлекеттен жашылча-жемиштерди ташуу үчүн мурда киргизилген чектөөлөр жоюлду.

Буга чейин Орусия Борбор Азия мамлекеттеринен, Азербайжан, Армения, Түркия, Египет жана Беларустан жашылча-жемиштери ташууга чек койгон эле.

Орус тарап соңку жылдары бул өлкөлөрдөн келчү жемиштерди сактоодо фитосанитардык талаптар аткарылбай, мыйзам бузуулар болуп жатканын жүйө келтирип, киргизбей койгон учурлар көп катталган.

Дагы караңыз

Орусия Кыргызстандан барган жемиштерди артка кайтардыЭрдогандын сөзүнөн кийин Орусияда Түркиядан келген азыктардан вирус табылдыКыргызстандын 78,5 тонна азыгы Орусияга өткөрүлгөн жокУтушунан убарасы көп ЕАЭБ Орусия Кыргызстандын азыктарын артка кайтарды