"Талибан" түзгөн ооган өкмөтүнүн ички иштер министри, "дүйнөдө эң катуу изделген террорчу" деп мүнөздөлгөн Сиражуддин Хаккани биринчи жолу жүзүн ачык көрсөттү. Ал чуулгандуу ишмердиги менен таанымал "Хаккани" түйүнүн жетектейт. АКШ анын башына 10 миллион доллар сайган.
Хаккани 5-мартта Кабулда окутуудан өткөн ооган полиция кызматкерлеринин бүтүрүү кечесинде сөз сүйлөп, Ооганстан дүйнөгө коркунуч жаратпай турганын айтты. Ал ушуга мисал катары өзүнүн жүзүн да ачыкка чыгарып жатканын билдирди.
Сиражуддин Хаккани буга чейин жанкечти чабуулдарын уюштургандарды бир нече жолу кубаттап, алардын жакындарына акча жана жер убада кылган. Ал буга чейин өзүнүн жүзүн сүрөткө же камерага тартууга эч качан уруксат берчү эмес. Министр болгондон кийинки айрым сүрөттөрдө анын жүзү атайын монтаждалып жабылса, кайсы бир сүрөттөрдө Хаккани артынан тартылчу.
АКШнын Федералдык иликтөөлөр бюросу (ФБР) Хакканинин террордук ишмердүүлүгү үчүн байге сайган учурда анын жүзү так эмес берилген жана колго тартылган сүрөтүн гана жарыялап келген.
Ооганстандын көпчүлүк аймагын каратып алгандан кийин “Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) 2021-жылдын 15-августунда Кабулду басып алган. Мурдагы бийлик борборду кармашсыз таштап чыгып кеткен. Президент Ашраф Гани өлкөдөн качып кеткен, учурда бийлик талибдердин колунда.
Андан кийин өлкөнү жутчулук каптады. БУУ 39 млн. калкы бар Ооганстандын 23 миллионго чукулу ачарчылыкка дуушар болуп жатканын кабарлоодо. Тамак-аш жетишсиздигинен улам жарандар каза болуп, көбүнчө балдар чарчап калып жатканы тууралуу маалыматтар бар. Жашоочулар тамак үчүн балдарын сатып жатканы айтылууда. (ErN)
Дагы караңыз
Белгилүү дин аалымы Молдо Сабыр ажы Досболов көз жумдуКыргызстандын Украинадагы элчилиги эвакуация иштерин Львов шаарында улантуудаNext TV телеканалынын директору Таалай Дүйшембиев эки айга камалдыУкраина менен Кыргызстандын эгемендиги – киндиктеш