Кыргызстанда Ак калпак күнү белгиленүүдө

Кыргызстандын туусунун алдында ак калпак кийип турган жигит.

Кыргызстанда 5-мартта Ак калпак күнү белгиленип жатат. Бул датага байланыштуу Бишкекте жаштардын жүрүшү өттү. Президенттик админстрация мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун куттуктоосун жарыялады.

"Кылымдар сынынан өткөн маданиятыбыз дүйнөгө тааныла беришине тилектешмин!", - деди Жапаров.

Ак калпак күнү 2011-жылдан баштап бейрасмий белгилене баштаган. 2016-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен 5-март - Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп расмий түрдө бекитилген.

Кыргыз калпагы тилик калпак, айры калпак, сайма калпак, туюк калпак болуп бир нече түргө бөлүнөт.

Дагы караңыз

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Украинадагы кан төгүүнү иликтөө үчүн комиссия түзөтМедиа коомчулук Next TV телеканалына байланыштуу билдирүү тараттыОрусиянын авиасоккуларынан Украинанын Чернигов шаарында 50дөй адам өлдү