Next TV телеканалынын кабарчысы Перизат Саитбуркан кызы суракка чакырылды

Next TV телеканалынын кабарчысы Перизат Саитбуркан кызы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылды. Ал 4-мартта кечки саат жетилерде суракка кирип кеткенин, жанында адвокат бар экенин кесиптештери кабарлады.

"Азаттык" журналисттин суракка чакырылышынын чоо-жайын азырынча атайын кызматтан тактай алган жок.

УКМК Next TV телеканалына "улуттар аралык кастыкты козутту" деген негизде кылмыш иши козголгонун 3-мартта билдирген. Ошол күнү каналдын директору Таалай Дүйшембиев эки суткага камалган. Баш коргоо чарасы 5-мартта каралууга тийиш.

Атайын кызмат каналдын социалдык желедеги баракчаларында Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, "Украинадагы кырдаалда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт" деген жалган кабар таратылган деп жүйө келтирүүдө.

Телеканал жетекчилиги кайсы бир булакка шилтеме берилип таратылган маалымат үчүн кылмыш ишин козгоону негизсиз деп атоодо. Каналдын ээси, саясатчы Равшан Жээнбеков муну саясий буйрук деп мүнөздөдү.

Next TV телеканалынын колдоочулары Улуттук коопсуздук комитетинин алдына бүгүн митингге чыгып, телеканалдын директорун бошотууну, козголгон кылмыш ишин токтотууну, эфирди калыбына келтирүүнү талап кылышты.

Дагы караңыз

“Балконскийлер”, тролль фабрикалары... Билим берүүдөгү өксүктөр Орусиялык S7 Airlines авиакомпаниясы бардык каттамдарын токтоттуСулайман-Тоодо бадам гүлдөдүКлиникалык тез жардам ооруканасы каттоодон өттү