Коронавирустан өткөн суткада эки адам каза тапты

Бишкек.

Кыргызстанда 4-мартка карата коронавирус жугузуп алгандардын расмий саны 200 миң 599га жетти.

Акыркы суткада коронавирус 23 адамдан аныкталды, эки адам каза тапты. Азыркы тапта ооруканада 163 адам жатат, алардын 20нын абалы өтө оор, 67нин абалы оор деп бааланууда. 366 адам үй шартында дарыланууда.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1,5 миллионго чукул адам алды, ал эми толук эмделгендердин саны 1 миллиондон ашты.

Бустердик (үчүнчү) доза 120 миңден ашык адамга сайылды.

Дагы караңыз

Таңкы Азаттык (2-чыгарылыш)Украина: орус аскерлери кеминде 93 туткунду өлтүргөн АЭСке жасалган чабуулдан улам Зеленский чукул кайрылуу жасадыУкраина: АЭСке өрт өчүрүүчүлөр кое берилди