Орусиялык "Дождь" телеканалы убактылуу ишин токтотту

"Дождь" телеканалынын жамааты түз эфирде ишин токтотконун жарыялап жаткан учуру. 3-март, 2022-жыл.

Орусиялык "Дождь" телеканалы ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу телеканалдын 3-марттагы эфиринде башкы директор жана каналдын ээси Наталья Синдеева билдирди.

Наталья Синдеева мындай чечим кызматкерлер менен чогуу кабыл алынганын, алар редакциянын жумушун жаңы шарттарга карап кайра карап чыгышы керектигин айтты. Анын артынан кызматкерлер чыгып, соңку окуяларга байланыштуу ойлору менен бөлүштү.

Мунун алдында Башкы прокуратуранын талабы менен Роскомнадзор Украинадагы согушту чагылдырганы үчүн телеканалдын сайтын жапкан болчу. Жамаатка коркутуунун фонунда башкы редактор жана журналисттердин бир бөлүгү Орусиядан чыгып кеткен болчу.

"Дождь" телеканалы биринчи жолу эфирге 2010-жылы чыккан. Орусиядагы окуяларды калыс чагылдырган көз карандысыз медиа катары белгилүү болгон. Украинадагы окуяларды чагылдырууда аны ачык эле "согуш" деп атап, Орусиянын бийлигин сындаган позицияны карманып келген.

Орус президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Сегиз күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң чоң чабуулдар Киевде жана Харьковдо жасалды. Жүздөгөн адамдар каза болду. (ErN)

Дагы караңыз

Украинадагы согуш: эки тарапта тең курмандыктар көпУкраин делегациясы сүйлөшүү үчүн кайрадан Беларуска келдиОш: гемодиализ борборлорундагы сертификаты жок аппараттар "Бала бактырат, абалын сурабайт". Кодулоого кабылган карыларОрус рублинин куну, мигранттардын санаасы