Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин соңку изилдөөсүндө, улгайган адамдардын бир бөлүгү кемсинтүү, басынтуу сыяктуу эмоционалдык зомбулукка дуушар болору айтылды. Сурамжылоого катышкандардын көбү мындай катаал мамиле жакын тааныштары, кошуна-колоңдор тарабынан болорун белгилешкен.
Дискриминациядан баш тартуунун эл аралык күнүнө карата "Азаттык" Кыргызстандагы улгайган адамдардын абалы, аларга карата жасалган басмырлоонун ачык жана кыйыр түрлөрүнө токтолду.
Жанымгүл Белекова учурда 73кө таяды. Ал төрт жашында атасынан, сегиз жашында энесинен айрылып балдар үйүндө чоңойгон. Кийин Бишкектеги музыкалык окуу жайда окуп, турмуш куруп, кыздуу, неберелүү болуптур. Кызы дагы ден соолугунан жабыркап, анын айынан ар кайсы жакка чуркаганын айтты. Жашы улгайганы көп жерлерге барып укугун коргой албай, айрым учурда басынтууга дагы туш болуп жатканын айта кетти.
"Бизди жактырбагандар болот. Мисалы, айыл өкмөтүнө барсам анда иштегендер эшигин бекитип алып, киргизбей коюшат. Мен алардан акча сурап барган эмесмин. Каттоомду эле тактаганы баргам. Булар картайды деп жактырбагансып турат. Ушундай жагы бар, кемсинтүү ошондон эле сезилет".
Жанымгүл апа басынткан же жактырбаган мамилени коомдук жайларда, ооруканада, транспортко түшкөндө да байкаганын айтып отурду. Анткен менен мамлекеттен жардам болуп жатканын, жакында ун алганын кошумчалады.
"Өзгөчө маршруткага түшкөндө азыраак төлөй турганыңды билет да. Жулкулдатып жөнөйт, жыгылып кетейин деп араң каласың. Жактырбайт бизди, өзгөчө кичи автобустардын айдоочулары. Кээде албай кетип, калып каласың... Кагып-силккен учурлар да болот, андайда унчукпай эле кетебиз. Көп капачылыгым бар. Азыр өзүңө-өзүң тың болбосоң кыйын эле, бирок бардыгын ойдогудай кыла албайсың", - деди Белекова.
Улгайгандар жалпы калктын 5% түзөт, бул сан жылдан жылга өсүүдө. Бириккен Улуттар Уюмунун божомолунда, 2030-жылга барып калктын 7% карылар түзүп калат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, 1990-жылдары балдардын аз төрөлүшү жаштардын санынын кыскарышына жана калктын демографиялык абалына таасир этет.
Улгайган адамдардын жалпы абалы, жумушу, жакындарынын, коомдун мамилеси туурасында Улуттук статистика комитети 2017-жылы чоң изилдөө жүргүзгөн. Анда сурамжылоого катышкандардын азыраак бөлүгү, 1,5% зомбулуктун кандайдыр бир түрүнө дуушар болушканын белгилешкен. Басымдуу бөлүгү айыл жеринде. Алар зомбулуктун экономикалык, эмоционалдык жана кайдыгер, көңүл сыртында калтырган түрлөрүнө кабылышарын айтышкан. Арасында тааныштарынын, кошуна-колоңдорунун кемсинтүүсүнө, басынтуусуна туш болгондор бар.
Алар өзүн артыкбаш, эч кимге кереги жок сезген учурлары болгонун айтышкан. Үйүнөн куулган (0,1%), мүлкүн (0,08%), пенсиясын (0,06%) тартып алган, сексуалдык зомбулукка кабылган (0,05%) учурлар бар экени изилдөөдө жазылган.
Социалдык маселелер боюнча эксперт Бурул Сүйүналиеванын белгилешинче, улгайган жарандардын 20 пайызынын балдары чет өлкөдө жашайт. 40 пайызынын балдары бир айылда болгон менен өз алынча жашай турганы изилдөөдө белгилүү болгон. Айрымдар ата-энесин карыганда бала багуучу катары көрүшөрүн айтышкан.
"Басмырлоо маселеси дагы бар. Улгайган жарандарга сен барсыңбы же жоксуңбу дебей, айткан сөзүн кулак сыртында калтырышат экен. Неберелери деле көңүл бурбайт. Ал тамак ичтиби, жаттыбы, ага эмне керек экени үй-бүлөдөгү башка мүчөлөргө кызык эмес. Тамак берип жатабыз, кийими таза, андан башка эмне керек дегендей мамиле болуп жатат".
Кыргызда “Карысы бардын ырысы бар”, “Карынын сөзүн капка сал", "Кары келсе ашка..." деген улгайган адамдарды кадырлап-барктаган накыл кептер жетиштүү болгону менен жашоодо дайыма эле андай болбой турганын айрым көрүнүштөр, коомдогу мамиле көрсөтүп жаткандай.
70ке таяп калган жарандык активист, "Бабушка эдопшен" уюмунун мүчөсү Тамара Асанбекова коомдо билинип-билинбеген басмырлоо көрүнүштөрү бар экенин белгиледи.
"Ачык басмырлоо болбосо да карылар үйүнө барган аксакалдар бар, жалгыз жашаган улгайган адамдар пайда болду. Ошолор коомчулуктун көңүл буруусуна муктаж деп ойлойм. Негизи биздин каада-салт ата-энени жалгыз, карабай таштап кетүүгө жол бербейт. Азыр бала-чакалуу, колунда бар үй-бүлөлөр деле ата-энесине социалдык кызматкерди жалдап, каратып жатат. Бул деле ата-энеге оор тийет. Алар келип үй-жайыңды жыйнап, дары алып берип кетет. Бирок ата-энеге баласындай болобу. Бир сындырым нан болсо дагы көтөрүп келип, ал-акыбалын сураганга убакыт тапса болот деп ойлойм".
"Чогуу жашаган ата-энесин деле сурап, учурашып койсо, көңүлү көтөрүлүп калат да. Кээ бир жаштар балдарын калтырып, өздөрү чет жактарга иштеп кеткен. Балдарын чоңойткону, алардын азап-тозогун тартканы аз келгенсип өзүнө карабай мал-жан, үй-жайын карап калган карылар көбөйдү. Кээде тыйыны жетиштүү, бирок сүйлөшөргө, чогуу чай ичерге киши жок кыйналган адамдар дагы мени түйшөлтөт. Мен кээде балдарымды "менден эмне көйгөйүң бар?" деп сурасаң боло деп тамашалап калам".
Тамара апа улгайган адамдарды пенсияга чыктык деп эле өзүн таштап койбой коомдук иштерге активдүү катышууга чакырды. Чүнчүп, басынуудан сактайт деп ар кандай иш-чараларга, театрга барып турарын айтты.
"Коомдук транспорттогу чектөө деле басмырлоонун түрү деп ойлоп калам. Биз кечки тогуздан кийин жаш болуп кетебизби деп айдоочуларды тамашалайм. Эми аларда күнөө жок. Эртең мененки саат 8ден саат 21:00гө чейин акысыз жүрөбүз. Улгайгандар көбүнчө ооруканага, анализ тапшырганы 7де барат. Ал убакта түшсөң жол кирени толук төлөйсүң. Тогуздан кийин улгайгандар көчөгө чыкса болбойбу деп дагы айтам. Ушул чектөөнү алып койсо деле болот".
Эмгек, социалдык камсыздоо, жана миграция министрлигинин башкы адиси Гүлзада Айдаралиеванын айтымында, жаш курагына карата басмырлоону болтурбоого багытталган мыйзам долбоору коомдун талкуусуна коюлганы жатат.
"Ар түрдүү басмырлоолорго туш болот. Басмырлоонун дагы түрлөрү бар да. Биринчи кезекте "эйжизмди" айтсак болот. Жаш курагына карата басмырлоо жаштарга деле колдонулушу мүмкүн. Мыйзамдарды инвентаризациялоонун алкагында улгайган адамдар боюнча мыйзамга жаш куракты басмырлоону болтурбоо пунктун киргизгени жатабыз. Анда кантип улгайган жарандарды иш менен камсыздаса болот. Ыктыярчылыкка кантип тартып, муундар ортосундагы кызматташууну кантип күчөтүү зарылдыгы камтылган".
Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, 2020-жылга карата Жер шарынын калкынын 65 жаштан жогорку үлүшү рекорддук 9,32% түздү.
Мисалы, Жапония улгайган адамдар эң көп мамлекеттердин бири. 2021-жылдын 1-октябрына карата Жапониянын калкынын 29% көбүн 65 жаштан жогорку жаштагылар түзөт.
Бул өлкөдө бир нече жыл жашап, окуп, иштеп келген Сейтек Качкынбай жапондордо кары-картаңдарды басмырлоо жок экенин, аларга тийиштүү шарт түзүлгөнүн айтып берди.
"Жапонияда карылар басмырлоого кабылды дегенди уккан эмесмин. Жапондор карылыкты, өлүмдү токтоо кабыл алат. Коркуп, депрессия болбойт. Ал жакта улгайгандарды кодулоо (дискриминация) дегенди көрмөк турсун, уккан эмесмин. Тескерисинче, бүт жакшы шарттар түзүлгөн. Атайын медайымдар карайт, карылар үйүнө жетпесе дагы социалдык кызматкерлер үйүнө келип карап кетет. Камсыздандыруу системасы жакшы. Жапондордун узак жашоосунун себеби да ошондон, алар стресс болушпайт. Дүйнө жүзүндө саякатчылардын көбү жапондор, алардын ичинен 95% карыялар. Бактылуу болуп карышат, пенсиясы жакшы. Жумушка алганда анын жашына, жынысына, улутуна же башкага карабайт. Иштей алсаң болду. Алардын карыялар үйүндө дагы болгом. Шарты аябай мыкты. Президенттин ооруканасында жүргөндөй болосуң. Карыялар үйү жетишпейт, анткени Жапонияда ал жакка кезекке турушат", - деди Качкынбаев.
Улгайган адамдарга жардам берүү багытында иш алып барган "Бабушка эдопшн" уюмунун жетекчиси Айдай Кадырова жаштарга, балдарга тарбия аркылуу улгайган адамдарга мамилени өзгөртүү зарылдыгын белгиледи.
"Бизде пенсия курагына жеткенде эле "жаштарга жол бергиле" деп жумуштан бошотуп салат. Өзгөчө улгайган кишилердин дарамети жакшы, анткени бай тажрыйбага ээ. Булар эч качан ката кетирбейт, жоопкерчиликтүү келет. Улгайган кишилер жасаган ишин аягына чыгарып, тактыгы менен айырмалана турганы илимий жактан ырасталган".
1-март - Дискриминациядан баш тартуунун эл аралык күнү. Басмырлоого адамдын жашына, кызыкчылыгына, улутуна, динине, жынысына, жумушуна, социалдык абалына карап укуктук теңчиликти чектей турган же жокко чыгаруучу бардык кодулоо, бөлүү, четтетүү же бирине артыкчылык берүү көрүнүштөрү кирет.
Борбор Азиядагы тынчтыкты орноотуучулар мектеби, Equal Rights Trust (ERT) жана Европа Биримдигинин изилдөөсү боюнча дискриминация коронавирус пандемиясынан улам карантин кирген учурда күчөгөн.
Басмырлоого эң көп аялдар, ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелгендер, ички мигранттар, кары адамдар жана балдар көбүрөөк болушкан. "Азаттыктын" сурамжылоосуна катышкандар дагы өлкөдө аялдарга, балдарга, кыргыз жана орус тилдүүлөргө басмырлоо күч экенин белгилешкен. Арасында басмырлоонун эч бир түрү жок экенин айткандар дагы бар. Басмырлоону болтурбоого багытталган Кыргызстанда мыйзам дагы бар. Бирок адистер анын бир топ беренелери чыныгы турмушта иштебей турганын айтып келишет.