Германия Иранды жаңы өзөктүк келишимди артка жылдырбоого чакырды

Олаф Шольц.

Германиянын канцлери Олаф Шольц Ирандын бийлигин өзөктүк программа боюнча келишим боюнча маселелерди эртерээк чечүүгө чакырып, аны тез арада жаңылоо керектигин билдирди.

“Биз Венада макулдашуу кабыл алынышын каалайбыз. Чечим кабыл алуу үчүн мезгил келди. Аны артка жылдырбаш керек, эми жылдырганга да болбойт”,-деди Шольц 2-мартта Иерусалимде Израилдин премьер-министри Нафтали Беннет менен менен жолугушкандан кийин.

Тегерандын өзөктүк программасы боюнча Венадагы сүйлөшүүлөрдө Ирандын делегациясынын башчысы Али Багери Кани мурдараак тескерисинче Батышты ыкчам чечим кабыл алууга үндөгөн. Тараптар айрым маселелер боюнча пикир талашып жатканы белгилүү.

Венадагы сүйлөшүүлөр бир жылча мурдараак башталган. Өткөн айларда Батыш өлкөлөрү ал чечүүчү чекке келип калганын кабарлашкан. Тегеран санкцияларды жумшартуу шарты менен өзөктүк курал программасына чектөө киргизүүгө макул болуп жатат.

2015-жылы Иран менен алты мамлекет (Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана Британия) макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, Ислам жумурияты өзүнүн өзөктүк программасын чектемек, бул үчүн санкциялар акырындык менен алынмак.

2018-жылы АКШ келишимден чыгып кетип, жазалоочу чаралар кайрадан киргизиле баштаган. Иран анын артынан өз милдеттемелерин аткаруудан баш тарткан. Тараптар Венада сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасын өткөрдү. (ErN)

Дагы караңыз

Комитет акыйкатчы кызматына дагы үч кишинин талапкерлигин жактырды Жогорку Кеңеш акыйкатчылыкка талапкер тандап жататЕвробиримдик Орусияга көмөктөшкөнү үчүн Беларуска санкция салдыГаз менен жүрө турган автобустарды насыяга алууга уруксат берилди Навальный орусиялыктарды Украина менен согушка каршылык билдирүүгө чакырды