Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Навальный орусиялыктарды Украина менен согушка каршылык билдирүүгө чакырды


Алексей Навальныйдын боштондукта жүргөн мезгили.
Алексей Навальныйдын боштондукта жүргөн мезгили.

Орусиялык оппозициялык саясатчы, абакта жаткан Алексей Навальный жарандарды акцияларга чыгууну жана Украина менен согушууга каршылык билдирүүгө чакырды. Билдирүү анын атынан социалдык түйүндөрдөгү баракчаларда 2-мартта жарыяланды.

“Эгер согушту токтотуу үчүн түрмөлөр менен автозактарды толтуруу керек болсо, толтуралы. Мен 100 жыл мурдагы чын-төгүнү белгисиз окуялар кол салууга себепчи болгонун көрүп туруп, унчукпай коё албайм”,-деп жазды ал.

Навальный Орусиянын аймагында, чет жакта орус жарандарын тынымсыз нааразылыктарды өткөрүүгө үндөдү.

Президент Владимир Путинди кескин сындап, орус бийлигинин коррупциялык аракеттерин ашкерелеп келген Навальный 2020-жылдын август айында ууландырылып, Германияга дарыланууга жеткирилген. Ал 2021-жылы январь айында Орусияга кайтып келгенде кармалган жана жети жыл мурдагы “Ив Роше" ишине байланыштуу "шарттуу жазанын эрежелерин бузду" деп айыпталып, дээрлик үч жылга кесилген.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Бир аптадан бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Андан бери ондогон жайкын тургундардын жана жүздөгөн аскерлердин өмүрү кыйылганы маалым болду. (ErN)

XS
SM
MD
LG