Жогорку Кеңеш акыйкатчылыкка талапкер тандап жатат

Иллюстрация сүрөт.

Жогорку Кеңештин 2-марттагы жыйынында акыйкатчылыкка талапкерлер депутаттарга программаларын тааныштырууда.

Буга чейин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитет акыйкатчылыкка Атыр Абдрахматованын, Турсунбек Акундун, Маматурайым Момуновдун, Бакытбек Узенбаевдин талапкерлигин жактырган.

Кыргызстандын акыйкатчысы кызматы 2021-жылдын октябрь айынан бери бош турат. Токон Мамытов парламенттик шайлоого катышкандыгына байланыштуу кызматын тапшырган.

Дагы караңыз

Абаны тазарткысы, жолду жакшырткысы келген кыздарЭмгеги чет элде бааланган сүрөтчүлөрКыргызстандын БУУга киргенине 30 жыл болду