Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:16

Кыргызстандын БУУга киргенине 30 жыл болду


Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин өлкөнүн БУУдагы мүчөлүгүнүн отуз жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Гутерриш отуз жыл ичинде БУУга колдоо көрсөткөндүгү үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирип, алдыда байланыштар мындан ары да чыңдалат деген ишенимин айткан.

2-мартта Бишкекте БУУнун 2023-2027-жылдарга карата туруктуу өнүгүү багытындагы кызматташтыгы боюнча программасынын бет ачары болду.

Бул жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү жана БУУнун тутумундагы бардык башкармалыктардын өкүлдөрү катышты.

Кыргызстан 1992-жылы 2-мартта Бириккен Улуттар Уюмуна кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG