28-февралдан 2-мартка чейин Улуттук банк 37,1 млн. сомго 6,4 килограмм алтын куймаларын саткан. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаров 28-февралда кайрылуу жасап, чет элдик валюталарды сатып алып жаткан кыргызстандыктарды Улуттук банктан алтын сатып алууга чакырган. Кийин 1-мартта алтын сатып алууну каалаган жарандардын кезеги көбөйгөнүн билдирген.
Украинадагы кырдаалга байланыштуу доллардын наркы көтөрүлүп, сомдун куну арзандап жатат.
Улуттук банктын 28-февралга карата маалыматы боюнча бир грамм алтындын баасы 6 913 сомдон сатылууда.
Дагы караңыз
Депутат Шакиев Орусиянын каналдарын каржылоону токтотууну сунуштадыУкраина: кыргызстандык эксперттердин пикири Мамлекеттик телеканалдарды менчикке өткөрүү маселеси көтөрүлдүОрусия Украинанын Херсон шаарын басып алганын жарыялады