Орусиянын Коргоо министрлиги аскерлер Украинанын Херсон шаарын басып алганын жарыялады. Бул Москванын коңшу өлкөнүн ири шаарлары өзүнүн ээлигине өткөнүн билдирген биринчи учуру.
Херсон шаары Кара деңиздин боюнда, Орусия сегиз жыл мурда аннексиялап алган Крымга жакын турат. Херсон облусунун борбору, 300 миңдей калкы бар.
Украин тарап шаарды жоготконун ырастай элек. Шаардын мэри Игорь Колыхаев “Фейсбукта” “биз дагы деле Украинабыз”,- деп жазды.
Херсон облусундагы атыштар Орусиянын кол салуусунун биринчи күнү эле башталган. Орус аскерлери стратегиялык жактан маанилүү деп саналган, шаарды өлкөнүн экинчи тарабы менен бириктирген Антонов көпүрөсүн ээлеп алышкан болчу. 1-мартта мэр шаардын административдик аймагы тосулганын айтып, көптөгөн адамдар өлгөнүн “Свобода” радиосуна билдирген.
Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Бир аптадан бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Андан бери ондогон жайкын тургундардын жана жүздөгөн аскерлердин өмүрү кыйылганы маалым болду. (ErN)
Дагы караңыз
Украинадагы абал Кыргызстандын дары-дармек базарындагы жагдайды оорлоттуТуугандар ортосундагы нике. Медицина эмне дейт?Байден: Орусияга каршы дагы катаал санкциялар киргизилетХарьковдун борбордук бөлүгүнө чабуул жасалды