Аба ырайы: тоолуу райондордо кар көчкү коркунучу бар

Иллюстрация сүрөт.

Кыргызгидромет борбору 1-3-март күндөрү аба ырайы өзгөрүп, тоолуу райондордо, Ала-Бука - Каныш-Кыя, Красная Горка - Ак-Таш жолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин эскертти.

3-мартта Ысык-Көл облусунда жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз 10...15,

Таласта түнкүсүндө -2...+3, күндүз 9...14,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0...5, күндүз 14...19,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 6...11,

Нарын облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...5,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -20...-25, күндүз -1...-6°.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 0…2, күндүз 12…14°.

Дагы караңыз

Украина: жер төлөдө көз жарган энелерТуугандар ортосундагы нике. Медицина эмне дейт?Байден: Орусияга каршы дагы катаал санкциялар киргизилет