Украина Кыргызстан менен Грузиянын соңку кырдаал боюнча позицияларына байланыштуу Бишкектеги жана Тбилисидеги элчилерин кеңешүүгө чакыртып алды. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский 1-марттагы видео кайрылуусунда билдирди.
Буга чейин Грузиянын бийлиги Орусияга каршы Батыш салган санкцияларды колдобой турганын билдирген.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Кыргыз президентинин сайты президенттер жөн гана соңку кырдаалды талкуулаганын кабарласа, орусиялык басылмалар Жапаров Путиндин Украинага каршы аракеттерин кубаттаганын жазышкан.
Орусия 24-февралда Украинага басып кирди. Алты күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң катаал чабуулдар Киевге жасалууда.
1-мартта орус аскерлеринин чабуулунун экинчи толкуну башталды. (ErN)
Дагы караңыз
Европада Russia Today жана Sputnik басылмаларынын YouTube каналдары жабылды Бишкекке аймактардан кирген автоунааларды чектөө сунушу айтылды (видео)Коммунисттерге тилектеш Болгариянын коргоо министри отставкага кеттиУлуттук банк эсептик ченди 10 пайызга чейин жогорулатты