Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:03

Бишкекке аймактардан кирген автоунааларды чектөө сунушу айтылды (видео)


Аманкан Кенжебаев.
Аманкан Кенжебаев.

Парламентте Бишкек шаарына башка облустардан автоунаалардын киришин чектөө сунушу айтылды. Бул тууралуу 28-февралда тармактык комитетте “Бишкек шаарындагы абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” токтом талкуулоо маалында сөз болду.

Депутат Аманкан Кенжебаев шаарда жол тыгыны олуттуу маселеге айланганын билдирди.

"Бишкекке күнүнө башка аймактан жүз миң автоунаа кирет деп жатасыңар. 30 күндө 3 млн. автоунаа кирет экен. Кызматка келгени, дарыгер, мугалимдер бар экен. Мейли, аларга уруксат кагаз жазып берип коелу. Үч миллиондун бир миллионуна уруксат берели. Бирок калганы шаарга келатканда базарга келеби, конокко келеби, Европадагыдай автобуска түшүп алып, келип-кетсе болот да. Бишкекте баса албай калдык го", - деди Кенжебаев.

Комитет жыйынында депутаттар Алишер Козуев менен Мирлан Самыйкожо аба автоунаалардан чыккан зыяндуу заттардан улам булганып жатканын белгилеп, унаалардын катализаторлорун алып-саткандарга чара көрүү маселесин көтөрүштү.

Бишкекте акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселе бойдон калууда. Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт. Айрым күндөрү дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексинде Бишкек сап башына чыгат. Абанын булганышынын бир себеби катары автоунаалар экени айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG