Москвада кыргыз жараны Тажикстандын өтүнүчү менен кармалды

Москвадагы полиция кызматкерлери. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

Москванын полициясы Тажикстандын суроо-талабы менен Замирбек Досматов аттуу кыргыз жаранын кармады.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери ал 23-февралда кармалганын ырастады. Досматовго карата козголгон кылмыш иши бурмаланганын, коюлган айып негизсиз экенин тастыктаган документтер даярдалып жатканын билдирди.

Кыргыз жараны чек арадагы жаңжалга байланыштуу кармалганы айтылууда.

Элчилик тактаган маалыматтарга караганда, Тажикстандын кайрылуусунда көрсөтүлгөн окуялар учурунда Досматов Орусияда болгону аныкталган. Учурда анын укугун коргоо аракети жүрүп жатканы кабарланды.

Кармалган жарандын туугандары ал 2017-жылдан бери Кыргызстанга келе электигин билдиришти.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Досматовдун жагдайы өзгөчө көзөмөлгө алынганын, бошотуу аракети жүрүп жатканын кабарлады.

2021-жылы Бишкектин өтүнүчү менен Тажикстандын бир нече жараны чек арадагы чыр-чатакка катышкан деген шек менен Орусияда кармалган. Бирок орус бийлиги аларды Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартып, бошоткон. Дүйшөмбүнүн өтүнүчү менен Орусияда кармалган кыргызстандыктар да Тажикстанга өткөрүлбөй, коё берилген.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы ымала 2021-жылдын апрель айынын аягындагы кандуу окуядан кийин солгундап кетти. Андагы жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши каза болуп, 154ү жаракат алган. Тажикстан тараптан 19 адам мерт болуп, 87си жабыркаган. Эки тарапта тең ондогон үйлөр жана башка имараттар, автоунаалар өрттөлгөн.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжал быйыл 27-январда да катталды. Андагы атышуудан Кыргызстандан жалпысынан 13 адам жараат алса, Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын кабарлады.

Бишкек менен Дүйшөмбү окуялар үчүн бири-бирин айыптаган.

Дагы караңыз

Украина Кыргызстан менен Грузиядагы элчилерин кеңешүүгө чакыртып алдыОрусиянын беш облусундагы дрон чабуулу: Бутага мунай базалар алынды Европада Russia Today жана Sputnik басылмаларынын YouTube каналдары жабылды Бишкекке аймактардан кирген автоунааларды чектөө сунушу айтылды (видео)Коммунисттерге тилектеш Болгариянын коргоо министри отставкага кетти