Жогорку Кеңеш комитети КТРКнын макамын өзгөртүү сунушун жактырды

КТРКнын курамындагы каналдардын эмблемалары.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети 1-марттагы жыйынында Коомдук телерадиоберүү корпорациясын “улуттук” кылып өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Документ эми парламенттин кароосуна чыгарылат.

Өкмөт сунуштап жаткан долбоорго ылайык, буга чейин КТРКнын 15 адамдан турган Байкоочу кеңеши каналдын директорун добуш берүү жолу менен төрт жылга шайлап келген болсо, эми башкы директорду дайындоо жана иштен алуу укугу президентте болот.

Корпорациянын курамы боюнча жаңы норма кирип, ага облустук мамлекеттик телерадиокомпанияларды да кошуу сунушталууда. Азыркы мыйзам боюнча башкы директор Байкоочу кеңештин алдында гана жооптуу, ага отчет берип турат. Жаңы долбоор кабыл алынса, башкы директор жыл сайын президентке отчет бериши керек.

КТРК коомдук деген макамга 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин ээ болгон. “Улуттук” болуп өзгөртүлсө, бюджети да көбөйөрүн жыйынга катышкан КТРКнын директору Кайрат Иманалиев билдирди:

"Улуттук деген макам алса, ар бир кызматкердин айлыгына акча кошулат. Ага жыл сайын 12 млн. сом каралат экен. Биз муну Финансы министрлиги менен макулдашып, быйылкы бюджетке кирген".

КТРКнын 2021-жылдагы бюджети 386 миллион сом болгон.

Дагы караңыз

Жазуучу Насыпбек Асанбаевдин "Дудук" аттуу чыгармалар жыйнагы чыктыТокаев “Нур Отан” партиясын “Аманат” деп өзгөртүүгө макул болдуБеларуста турган Орусиянын аскерлери Киевди көздөй жөнөдүУкраинадан эвакуацияланган кыргызстандыктар жолдо баратат