Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:13

Украинадан эвакуацияланган кыргызстандыктар жолдо баратат


Украинадан эвакуация болуп жаткан жарандар. Украина-Польша чек арасы.
Украинадан эвакуация болуп жаткан жарандар. Украина-Польша чек арасы.

Украинадан Венгрияга эвакуацияланган кыргызстандык 114 жаран чек арага жакындап калды. Бул тууралуу аларды коштоп бара жаткан Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин кызматкери Эрмек Сарыбаев "Азаттыкка" билдирди.

"Киевден чыкканыбызга 19 саат болду. Венгриянын чек арасына 40 чакырым жол калды. Бардык коопсуздук камсыздалган. Айдоочубуз, дипломаттар күч түзүмдөрү менен түз байланышып, коопсуз жолдор менен алып бара жатабыз. Эвакуация болгондорду Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин эки кызматкери коштоп бара жатат. Чек арада Венгриядагы элчиликтин кызматкерлери күтүп жатат", - деди Сарыбаев.

28-февралда Украинанын борбору Киевден 114 кыргызстандык, арасында 34 бала Венгрияга чыгып кеткенин элчи Идрис Кадыркулов "Азаттык" радиосуна билдирген. Автобустарды элчилик уюштурган.

Украинанын үч шаарында (Киев, Харьков, Одесса, Львов) кыргызстандык жарандарды убактылуу кабыл ала турган жай ачылган.

Кыргызстандыктар Украинанын батышындагы Польша, Румыния, Словакия жана Венгрия аркылуу эвакуация болору айтылган.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Беш күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң катуу чабуул Киевге жасалды.

XS
SM
MD
LG