Кыргызстанда чет элдиктерге киргизилген миграциялык мунапыстын же "жашыл коридордун" мөөнөтү аяктады.
1-марттан тарта визасы жана каттоосу жок чет элдик жарандар Кыргызстандан чыгып кетүүгө же керектүү документтерди толтурууга милдеттүү. Эреже бузгандарга айып пул салынарын Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.
Кыргызстандын бийлиги коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн улам 2020-жылдын мартында "жашыл коридор" ачкан. Ага ылайык, виза же визасыз тартипте жүргөн чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жоктор өлкө аймагынан чыгууга виза толтурбастан жана катталганын тастыктабастан чыгып кетсе болор эле.
Дагы караңыз
Украина орус аскерлеринин жоготуулары тууралуу маалыматтарга түшүндүрмө бердиКиевдеги 114 кыргызстандык Венгрияга чыгып кеттиАскар тоонун алптыгы алыстан көрүнөт: Садырбаевдин мурасы Ысырапкерчиликти ооздуктоо аргасы: Жарлык кантип ишке ашат?