Майлуу-Суу: жылуулук ишканасынын мурдагы директору кармалды

Иллюстрация.

Майлуу-Суу шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын мурдагы директору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлагандай, 2018-2020-жылдары ишкананын кызмат адамдары өзгөчө ири өлчөмдө мазут менен газды мыйзамсыз эсептен чыгаруу жана уурдоо менен алектенген. Андан мамлекеттик бюджетке 56 миллион 237 миң сом зыян келтирилген.

26-февралда аталган ишкананын мурдагы директору кармалып, Жалал-Абад шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган. Териштирүү уланууда.

Дагы караңыз

Киевдеги кыргыздар Венгрия аркылуу эвакуациялана баштады Амангелдиев баанын өсүшүн алдын алуу аракети көрүлүп жатканын маалымдады Бейтапка байланган бизнес, аткезчилик аралашкан ооруканаБалбан Алмаз Сманбеков Түркиядагы мелдеште алтын байге алды