Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:04

Бейтапка байланган бизнес, аткезчилик аралашкан оорукана


Сабырбек Жумабеков менен Алымкадыр Бейшеналиев. Коллаж.
Сабырбек Жумабеков менен Алымкадыр Бейшеналиев. Коллаж.

Бишкектеги травматология жана ортопедия боюнча илим изилдөө борборун Клиникалык тез жардам ооруканасына айлантуу демилгеси саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен академик Сабырбек Жумабековдун тирешине себеп болду.

Ал тиреш өз кезегинде колу-бутy, омурткасы мертинген бейтаптарга коюлган протез жана башка импланттардын аткезчилик жол менен келип жатканын ачыкка чыгарды.

2000-2500 долларга чыккан эндопротез

Ош шаарынын тургуну Мубара Айтибаева январь айында эки жолу операция жасатып, буттарына протез салдырды. Бир ай Бишкектеги Тез жардам клиникалык ооруканасында жатып, эми үйүнө чыкканы турат. Дарыгерлер жарым жылдын ичинде басып кетерин айтып жатышат.

Мубара Айтибаева
Мубара Айтибаева

“Соңку төрт-беш жылдан бери бутум чыдатпай ооруп жүргөн. Чыдап жүрө бериптирмин. Акырында ооруканага келдим. Оор нерселерди көтөрчү элем. Аялдар ушундайбыз да. Жакшы дарыланып алдым. Бутума Түркиянын темирин койду деп айтышты. Акчасын балам банкка төлөдү”.

Мубара Айтибаеванын үй-бүлөсү протездин ар бирине 2000ден, жалпы 4000 доллар төлөгөн. Аны менен чогуу бир палатада жаткан Разия Сабирова болсо бир тизесине протез салдырып, ал үчүн 2500 доллар төлөгөн.

Мубара Айтибаеванын буту тартылган рентгендин сүрөтү. Анын эки кашка жилиги чирип, анын ордуна протез коюлган.
Мубара Айтибаеванын буту тартылган рентгендин сүрөтү. Анын эки кашка жилиги чирип, анын ордуна протез коюлган.

Дарыгерлер эки бейтапка Түркиянын Tipsan компаниясы чыгарган протез коюлганын айтып жатат. Бишкектеги мурдагы травматология жана ортопедия боюнча илим изилдөө борбору Tipsan менен бир нече жылдан бери иштешип, система жолго коюлган. Тез жардам клиникалык ооруканасынын муун илдеттери бөлүмүнүн башчысы Советбек Казакбаев анын жол-жобосун мындай түшүндүрдү:

Советбек Казакбаев
Советбек Казакбаев

"Бизде Tipsan компаниясынын банктык эсеби бар. Аны биз бейтаптарга беребиз. Алар банк аркылуу Түркияга акча которот. Tipsan акчаны алгандан кийин, эки-үч күндүн ичинде курьер аркылуу протезди алып келип берет. Бул ишти Сабыр Жумабеков өзү көзөмөлдөйт. Бейтаптар башка компаниянын протезин алып келсе, анда биз салып бере албай калабыз. Анткени, алардын формалары ар кандай болот. Биздин шаймандар туура келбейт. Оорукана бир гана Tipsan менен иштешет".

Мурдагы Травматология жана ортопедия боюнча илим изилдөө борборунун бир гана Түркиянын Tipsan компаниясы менен иштешип жатышында шектүү жагдайлар көп. Аларга кезеги менен токтололу.

Каттоо мөөнөтү бүткөн Tipsan

Tipsan компаниясы 2011-жылы Кыргызстандын Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинен каттоодон өтүп, медициналык материалдарды, көбүнчө жамбашка коюлчу протездерди ташый баштаган. Алардын каттоо мөөнөтү 2016-жылы бүтүп, компания аны узарткан эмес.

"Tipsan" компаниясынын 2016-жылы мөөнөтү бүткөн каттоо күбөлүгү.
"Tipsan" компаниясынын 2016-жылы мөөнөтү бүткөн каттоо күбөлүгү.

Tipsan компаниясынын каттоосу 2016-жылы эле күчүн жоготконуна карабай, алар чыгарган медициналык жабдуулар Кыргызстанга азыр да ташылып келүүдө. Протездер аткезчилик жол менен келип жатканын академик Сабырбек Жумабеков саламаттык сактоо министри менен тирешип жаткан маалда өзү ачык айтып чыкты.

Сабырбек Жумабеков
Сабырбек Жумабеков

“Биз эмнеге Tipsan менен иштешип жатабыз? Анткени алардын логистикасы жакшы. Бүгүн заказ берсең, бир-эки күндө алып келип берет. Курьер менен салып жиберишет. Биз каталогдон карап туруп эле сүрөтүн жиберебиз. Алар менен 13 жылдан бери иштешип келебиз. Эски болсо да Tipsan компаниясынын сертификаты бар да. Бизде күнүгө эле 30дай операция жасалат. Мен колум үйрөнүп, көзүм жеткенди салам да. Мен Tipsanга көнгөм. Алар жакында эле документин кайра тапшырышкан. Каттабай жатышса, бизде эмне күнөө?”.

Tipsan компаниясы Түркиянын Измир шаарында жайгашкан. Анын сайтында компания дүйнөдөгү бир катар өлкөлөр менен иштеше турганы жазылып турат. Биз өзүбүздү кыргызстандык ишкер катары тааныштырып, протездерди сатып алуу сунушу менен кайрылып көрдүк. Өзүн экспорт маселелерине жооптуу адам катары тааныштырган айым компаниянын Кыргызстандагы өкүлү Сабыр Жумабеков экенин айтып, андан башка киши менен такыр иштешпей турганын билдирди.

"Биздин Кыргызстанда өкүлүбүз бар - Сабыр Жумабеков. Бир нерсе керек болсо, аны менен байланышыңыз. Анткени, ал жактагы жооптуу адам ошол. Сиз бизден эч нерсе сатып ала албайсыз. Ар бир өлкөдө бирден өкүлүбүз бар. Ошолор менен гана иштешебиз. Сиз эмне керектигин ага айтасыз, ал киши биз менен байланышат. Жыйынтыгында протезди Жумабековдон аласыздар. Анда биздин протездердин сапатын тастыктай турган документтер да бар", - деди Tipsan компаниясынын кызматкери.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыз кылуу департаменти Tipsan кайрадан документтерин тапшырганын, аны карап чыгууга 2-3 ай убакыт керек болорун билдирди. Анын директору Нурдин Кагаздиев компаниялардын катталбай жатышын мындай деп божомолдоду.

Нурдин Кагаздиев
Нурдин Кагаздиев

"Каттоодон өтүштүн кыйынчылыгы деле жок. Керектүү протездин документтери жайында болсо, анда 2-3 айдын ичинде эле каттап беребиз. Эч кандай тоскоолдук болбойт. Балким, алар салык төлөгүсү, фирма ачкысы келбейт. Аларга мындай эле иштеген пайдалуу болуп жатат да. Лицензия жок иштей турган болсо, анда мыйзам бузуу болуп эсептелет. Ошол эле учурда протездердин аткезчилик жол менен келип жатканын биз текшере албайбыз”.

Дары-дармек департаменти Кыргызстандагы дары саясатын көзөмөлдөп, Кыргызстанга келген ар бир медициналык каражаттын сапатын, документтерин текшерет.

Баадагы айырма жана баш аламандык

Протездерге байланыштуу окуяда алардын баасы да коомчулукта ар кандай суроолорду жаратууда. Травматология жана ортопедия боюнча илим изилдөө борборунун дарыгерлери бейтап протезди гана сатып аларын, операция мамлекеттин каражатына жасала турганын айтып келишет.

Алар бир протездин баасын 1000-2500 долларга чейин бааланарын айтып жатышат. Ошол эле учурда бейтаптардын айрымдары 5000 долларга чейин төлөгөнүн билдирип келишет.

Бейтаптын Tipsan компаниясына акча которгонун далилдеген квитанция.
Бейтаптын Tipsan компаниясына акча которгонун далилдеген квитанция.

Бизге Tipsan компаниясы протездердин баалары боюнча маалымат берүүдөн баш тартты.

"Биз ар бир жаран менен өзүнчө иштешпейбиз. Протездин бааларын айта албайбыз. Бул маалыматты Кыргызстандагы өкүлүбүздөн аласыздар. Анда толук маалыматтар бар", - деди Tipsan компаниясынын кызматкери.

Tipsan компаниясы 2011-2016-жылдар аралыгында Кыргызстанда каттоодон өтүп, медициналык жабдууларды мыйзам чегинде эле ташып келген. Мисалы, алар өндүргөн протездерди “Медитек” компаниясы 2014-2015-жылдары Кыргызстанга алып келген. Ал жердеги документтерге таяна турган болсок, бүгүнкү күндө баасы 2000 доллар деп айтылып жаткан жамбаш эндопротездердин орточо баасы 18 миң, эң кымбаты 56 миң сом деп көрсөтүлгөн.

2014-жылы Кыргызстанга алып келинген Tipsan компаниясынын протездеринин тизмеси жана баасы. Маалымат Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинен алынды.
2014-жылы Кыргызстанга алып келинген Tipsan компаниясынын протездеринин тизмеси жана баасы. Маалымат Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинен алынды.

Айрымдар ооруканада 2000-2500 долларга сатылып жаткан кээ бир протездердин баасы мындан бир канча арзан экенин айтып жатышат.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ортопедиялык жабдуулар дарыгерлердин ири бизнесине айланып кеткенин билдирүүдө. Анын пикиринде, жеке компаниялар протездерди расмий жол менен алып келүүдөн пайда тапкан эмес. Андыктан дарыгерлер өндүрүүчүлөр менен түз байланышып, медициналык материалдарды өздөрү сата башташкан.

Алымкадыр Бейшеналиев
Алымкадыр Бейшеналиев

"Сабыр Жумабеков протездерди 300 доллардан ташып келип, аны 3000 долларга чейин сатып келиптир да. Бул чоң бизнеске айланган. Башка компаниялар өз баасына алып келсе, аны эч ким сатып алган эмес. Алар 300 долларга сатып алып, аны 500гө саткысы келет да. Бирок Жумабеков аны сатып алган эмес. Ага өзү алып келген пайдалуу болуп жатпайбы. Эми башка кишини жетекчи кылдык. Протездер арзан болот".

Ал эми Сабыр Жумабеков баа маселесине анын эч кандай тиешеси жоктугун айтууда. Мисалы, 2000 доллар деген жамбаш протезинин баасын Tipsan койгон деди ал.

“Бейтаптар акчаны банктан өзүлөрү салып жиберет. Менин кандай тиешем бар?! Эмнеге протез менен менин башым ооруш керек? Менин көйгөйүм бейтапка жардам берүү да. Мунун баарын Саламаттык сактоо министрлиги уюштуруусу керек. Алар колунан келбеген нерсени бизге артпасын. Жыйынтыкты караш керек. Эң башкысы бейтаптарды бутуна тургузуп жатабыз. Бул жерде иштеп жаткан дарыгерлерге орден тагыш керек".

Мыйзам боюнча Кыргызстанга келген ар бир дары же медициналык материал Саламаттык сактоо министрлигин алдындагы Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментине катталып, анын сапаты текшерилиши керек.

Аткезчилик - айла жоктун ишиби же акча табуунун амалыбы?

Азыркы учурда Кыргызстанда ортопедиялык импланттарды өндүргөн сегиз дүйнөлүк компания каттоодон өткөн. Алардын товарларын каалаган компания ташып келе алат. Алардын баасын карай турган болсок, кыргызстандык бейтаптар 2000 долларга салдырган жамбаш протездеринин эң кымбаты 67 миң сом деп көрсөтүлгөн. Алардын арасында 22 миң сомдугу да бар. Бирок өлкөгө расмий жол менен келген протез, импланттардын саны аябай аз.

Расмий жол менен Кыргызстанга ташылып келген протездердин саны. 2020-жылы бир дагы протез келген эмес. Дары-дармек департаментинин маалыматы.
Расмий жол менен Кыргызстанга ташылып келген протездердин саны. 2020-жылы бир дагы протез келген эмес. Дары-дармек департаментинин маалыматы.

Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинин маалыматында көрсөтүлгөндөй, соңку беш жылдын ичинде Кыргызстанга 945 гана эндопротез расмий жол менен келген. Ал эми жылына эле бейтаптарга салынган ар кандай протездердин саны 3-4 миңден ашат.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Талант Батыралиев Кыргызстанга дары-дармектердин 80-90% аткезчилик жол менен келе турганын айтып берди.

Талантбек Батыралиев
Талантбек Батыралиев

“Аткезчилик менен келгенде эмне болот? Биринчиден, өлкөгө чын эле сапаттуу жабдык кирдиби? Экинчиден, мамлекет ошондон керектүү салыгын алдыбы? Үчүнчүдөн, ооруканага киргенде ал жабдыктар туура колдонулдубу? Аткезчилик жол менен келген жабдыктын сапатын да текшерүү мүмкүн эмес. Аткезчилик жол менен алып келүүнүн максаты - салыктан качуу. Мыйзамсыз ташылып келген дары-дармектин көлөмү 70 миллиарддын тегерегинде. Бирок эртең бейтап бир нерсе болсо, ким жооп берет? Дары-дармек департаментинен каттоодон өтпөгөн протезге эч ким жоопкерчилик албайт”.

Кыргызстандын Бажы кызматы 2021-жылы өлкөгө аткезчилик жол менен киргизилген 6 млн. 696 миң 244 сомдук дары-дармек аныкталганын билдирди. Алардын маалыматына караганда, ушул эле жылы Кыргызстанга 14 млрд. 41 млн. 935 миң сомго бааланган дары-дармек жана медициналык каражат ташылып келген. Ошол эле учурда бажычыларда протез боюнча так маалымат жок.

Саламаттык сактоо министрлиги протездерге байланыштуу маселени жакын арада чечип, бардыгын мыйзамдаштырууга убада берди. Травматология жана ортопедия боюнча илим изилдөө борборунун ордуна түзүлгөн Тез жардам клиникалык ооруканасынын директору Памир Муратов мындай деди.

Памир Муратов
Памир Муратов

“Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинин жетекчилиги менен сүйлөштүк. Биз аларга дүйнөлүк компаниялар менен иштешүүгө шарт түзүп бергиле дедик. Дарыгерлер сапаты жакшы протездер 1300 долларга чейин экенин айтып жатышат. Биз ушуну кыска убакыттын ичинде чечкенге аркет кылып жатабыз. Сертификат, уруксаты бар компаниялар менен иштешип, оорукананын ичине дүкөн ачылат. Бейтап өзү көрүп, анан операция жасалат деп турабыз".

Тез жардам клиникалык ооруканасынын жетекчилиги, мекемени буга чейин жетектеген Сабыр Жумабеков ооруканадагы дүкөндүн ордун көрсөтүштү. Алардын айтымында, жакын арада протездер сатыла баштайт. Бирок качан экени так белгисиз.

"Бир бутум экинчисинен кыска"

Токмок шаарынын тургунунун сол буту менен жамбаш сөөгүн булчуң эти гана кармап турат. 2007-жылы анын кашка жилиги чирип, Бишкектеги травматология жана ортопедия боюнча илим изилдөө борборунан протез койдурган. Бирок ал жакшы болбой, андан бери он чакты жолу бутуна операция жасалды.

Бейтап өзүнүн жүзүн көрсөткүсү келген жок. Ал бутуна протез салдырыш үчүн 4000 доллар берген.
Бейтап өзүнүн жүзүн көрсөткүсү келген жок. Ал бутуна протез салдырыш үчүн 4000 доллар берген.

Анан буту такыр жакшы болбой койгондо Орусияга барып протезди алдырып салган. Азыр мурдагыдай ириң жок. Бирок бир буту экинчисинен 7 сантиметрге кыска. Ал өзүнө кандай сапаттагы, кайсы өлкөдө жасалган протез коюлганын билбейт. Анткени ага дарыгерлер протездин чоо-жайын көрсөткөн бир дагы документти көрсөтүшкөн эмес. Мындан улам буту протездин сапатынын начардыгынанбы же дарыгердин катасынан ириңдеп кеткенби, так айтуу мүмкүн эмес.

"Бишкектеги травматология жана ортопедия боюнча илим изилдөө борборуна барсам протездин жакшысы 4500, Орусиядан келгени 2500 доллар турарын айтышты. Үй-бүлөм менен кеңешип кымбатын кое турган болгонбуз. Анан 4500 долларды дарыгерлердин колуна бергем. Операциядан чыккандан кийин жакшы боло албай койдум. Көрсө эндопротез ордунан чыгып кетиптир. Орусияга барып алдырып салгам. Азыр кашка жиликтин башы жок. Ошон үчүн бутум кыскарып кетти. Биринчи топтогу майып болуп калдым".

4-февралда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Травматология жана ортопедия илимий борборунун директору Сабырбек Жумабековду кызматтан бошоткон. Борбор жоюлуп, ордуна Клиникалык тез жардам ооруканасы иштей баштарын билдирген. Башкы дарыгер болуп Дамир Дүйшөнов дайындалган.

Сабырбек Жумабеков президент Садыр Жапаров айтмайынча кызматынан кетпей турганын билдирип, министрдин бул чечимин сынга алган. 5-февралда бир нече адам акцияга чыгып, Бейшеналиевдин отставкасын талап кылышкан. Оорукананын айланасындагы окуяларды иликтөө боюнча атайын комиссия иштеп жатат.

Травматология жана ортопедия илимий борбору Клиникалык тез жардам ооруканасы болуп өзгөртүлгөндөн кийин директорлук кызмат жоюлган. Оорукананы башкы дарыгер жетектейт.

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий борбору ооруларды реабилитациялоо жана илимий багыттагы дарыгерлерди даярдоо максатында 2004-жылы Бишкек шаардык №4 оорукананын базасында түптөлгөн.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG