Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү дирижёр Сагынбек Акматалиев 70 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Акматалиев кыргыз улуттук музыкасынын өнүгүп-өсүшүнө өзүнүн бараандуу салымын кошуп, 200гө чукул ыр-күүлөрдү иштеп чыгып, оркестрге салган.
Алсак, "Арман" (Түгөлбай Казаков), "Сагындым туулган жер сени" (Рыспай Абдыкадыров), "Үзүлбөгөн үмүттөр" (Сардарбек Жумалиев) жана ошондой эле Арзыбек Бедияровдун, Эсенбек Мааданбековдун, Асанкалый Керимбаевдин, Каныкей Эралиеванын, Атайбек Бөдөшовдун, Насыр Давлесовдун, Сталбек Бактыгуловдун, Турдубек Чокиевдин жана башка обончу-композиторлордун чыгармаларын иштеп чыккан. Андан сырткары Нурак Абдрахмановдун "Соң-Көл” баяны, "Алтын балалык", Шекербек Шеркуловдун "Жүрөк толкуйт", "Эргиме", Атай Огонбаевдин "Маш Камбаркан", Атайбек Бөдөшовдун "Заман закымдары", "Бекназар баатыр арманы", ошондой эле комуз менен кыл-кыяк оркестр үчүн Руслан Жумабаевдин "Эрке-Сары", элдик күү "Келиндердин эрке күү", Бекмуратовдун "Тоң жылкысы" сыяктуу жана башка күүлөрдү да салган.
Автор катары "Кыл кыяк" жана оркестр үчүн "Концертино", комузчулар ансамбли жана оркестр үчүн "Селкинчек", "Рыспайга таазим" аттуу кыяк жана оркестр үчүн вариацияларды жазган.
Сагынбек Акматалиев 1952-жылы 1-декабрда Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылында туулган.
1967-жылы Муратаалы Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайында, 1972-1976-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда, андан соң 2005-жылы Оркестрдин дирижёру факультетинин профессор Насыр Давлесовдун классында окуп, артыкчылык диплому менен аяктаган.
1970-жылы окуп жүргөн кезинде Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде музыкант-кыякчы катары эмгектенген. Кийин оркестрдин концертмейстери, "Атай" атындагы комузчулар ансамблинин жетекчиси болуп иштеп, дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде гастролдо болгон.
Акматалиев 2005-жылы дирижёр Асанкан Жумакматов жана Эсенгул Жумабаевдердин сунуштамасы жана оркестрдин жамаатынын чечими менен оркестрге башкы дирижёр жана көркөм жетекчи болуп дайындалган. 2022-жылдын 1-февралына чейин эл аспаптар оркестринин көркөм жетекчиси, башкы дирижёру болуп эмгектенип келген.
Оркестрдин жана комузчулар ансамблинин курамында көптөгөн союздук жана эл аралык конкурс-фестивалдардын катышуучусу жана лауреаты болгон.
Сагынбек Акматалиевдин кыргыз улуттук музыкасынын өнүгүп-өсүшүнө кошкон салымы жогору бааланган.
1987-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасына;
1994-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамына;
2011-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамына ээ болгон.(MZh)
Дагы караңыз
Атазов шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын билдирдиЮридикалык жактар үчүн салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнүУлуттук банк: Орусиянын SWIFT системасынан өчүрүлүшү Кыргызстан банктарына таасир этпейт