Орусияда согушту айыптап чыккан жүздөгөн адам кармалды

Москвада кармалган демонстрант. 27-февраль, 2022-жыл.

27-февралда Орусиянын Москва, Санкт-Петербург жана Самара сыяктуу бир катар шаарларында Украинадагы согушту айыптап акцияга чыккан жүздөгөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Орусиядагы демонстрацияларга көз салып келе жаткан "ОВД-Инфо" укук коргоо уюму билдирди.

Маалыматка ылайык, согушка каршы акциялар жекшемби күнү Орусиянын 32 шаарында өттү жана кеминде 460 орус жараны кармалды.

Орусиянын шаарларында төрт күндөн бери Украинага тилектештик билдирген жана орус армиясынан согушту токтотууну талап кылган жүрүштөр өтүп жатат. Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, 24-февралдан 26-февралга чейин мындай акцияга катышкан 3 миңден ашуун орус жаран кармалды.

Орусия Украинага чабуулун 24-февралдын таңында баштаган. Ушул тапта Украинанын бир катар аймактарында, анын ичинде Харьковдо украин армиясы менен орус күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кагылышуу уланып жатканы кабарланууда.

Жакынкы убакытта Украина менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсү украин-беларус чек арасында өтөрү күтүлүп жатат.

Дагы караңыз

Кайра шайлоо: Сурабалдиева менен Муртазалиев алдыга чыктыПутин Орусиянын өзөктүк күчтөрүн өзгөчө режимге өткөрүүнү буюрдуЗеленский: украин-беларус чегинде орус тарап менен сүйлөшүү өтөтОрус аскерлери Харьковго кирип келгени кабарланууда