Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:08

Кайра шайлоо: Сурабалдиева менен Муртазалиев алдыга чыкты


Элвира Сурабалдиева менен Абдурахманхажи Муртазалиев. Коллаж.
Элвира Сурабалдиева менен Абдурахманхажи Муртазалиев. Коллаж.

Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралдагы кайра шайлоо жыйынтыкталды. БШКнын маалыматына караганда, добушканалар кечки саат 8.00дө жабылды. Автоматташтырылган эсептөө системасынын баштапкы жыйынтыгы боюнча Биринчи май округунда Элвира Сурабалдиева, Свердлов шайлоо округунда Абдурахманхажи Муртазалиев алдыга чыкты.

Биринчи май округунда шайлоо тилкелеринен 100% маалымат келип түштү. Баштапкы жыйынтык боюнча Сурабалдиева 46,09% добуш алды. Экинчи орунда талапкер Нурбек Тотонов 17,73% менен баратат.

Свердлов шайлоо округунда шайлоо тикелеринен 100% маалымат келди. Абдурахманхажи Муртазалиев 17,54% добуш алды. Экинчи орунда Шайлообек Атазов 16,28% менен баратат.

Боршайкомдун 20:00гө карата маалыматына ылайык, кайра шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу тогуз арыз түштү.

Анын алтоо добуш сатып алуу, бирөө үгүт эрежелерин бузуу, дагы бири добуш берүүнүн купуялуугун бузууга байланыштуу.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын бөлүм башчысы Султан Макилов шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу ИИМде 11 арыз-даттануу катталганын билдирди. Анын баары Свердлов округуна тиешелүү. Милиция эки маалымат боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.

№27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдарында бүгүн, 27-февралда кайра добуш берүү өттү. Эки округдан 50 талапкер (Биринчи май округунан 25, Свердлов округунан 25) ат салышты.

Бул округдарда былтыр 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо “баарына каршы” деген добуш көп болгондуктан, кайра шайлоо дайындалган.

Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат.

XS
SM
MD
LG