Путин Орусиянын өзөктүк күчтөрүн өзгөчө режимге өткөрүүнү буюрду

Орус президенти Владимир Путин.

Президент Владимир Путин Орусиянын ядролук ооздуктоочу күчтөрүн өзгөчө режимдеги нөөмөткө өткөрүү буйругун берди. Ал мындай чечимин 27-февралда Орусиянын жогорку расмий жетекчилери менен жолугушуусунда жарыялады.

"Силер көргөндөй, Батыш мамлекеттери биздин өлкөгө каршы экономика тармагында достукка жатпаган аракеттерге гана баруу менен чектелген жок. Мен баары билген мыйзамсыз санкцияларды айтып жатам. Бирок НАТО өлкөлөрүндөгү жогорку кызматтагы адамдар биздин мамлекетке каршы агрессивдүү сөздөргө жол берип жатат. Мындан улам коргоо министрине жана башкы штабдын жетекчисине орус армиясынын ооздуктоочу күчтөрүн аскердик нөөмөт өтөөнүн өзгөчө режимине өткөрүүгө буйрук берем", - деди Путин.

Мындай чечим Орусиянын өзөктүк куралдары да күжүрмөн даярдыкка келтирилет дегенди билдирет. Себеби Орусиянын Коргоо министрлигиндеги түшүндүрмөгө ылайык, стратегиялык ооздуктоочу күчтөр армиянын негизги кубаты деп саналат жана ар кыл курал-жарактарды, анын ичинде ядролук куралды колдонуу менен Орусияга каршы агрессияны токтотууга жана согушта каршылашты талкалоого багытталган. Азырынча "өзгөчө режимдеги нөөмөт" эмнени билдирерин орус бийлиги тактай элек.

АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Линда Томас-Гринфилд орус президентинин бул буйругун "кабыл алынгыс" деп мүнөздөдү.

"Бул президент Путин бул согушту такыр кабыл алынгыс түрдө күчөтүүнү улантып жатканын туюндурат жана биз анын аракеттерин болушунча катаал чаралар менен ооздуктоону улантышыбыз зарыл", - деди Линда Томас-Гринфилд.

Орусия Украинага чабуулун 24-февралдын таңында баштаган. Ушул тапта Украинанын бир катар аймактарында, анын ичинде Харьковдо украин армиясы менен орус күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кагылышуу уланып жатканы кабарланууда. Жакынкы убакытта Украина менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсү украин-беларус чек арасында өтөөрү күтүлүп жатат.

Дагы караңыз

Харьковдогу айыгышкан салгылашууЗеленский: украин-беларус чегинде орус тарап менен сүйлөшүү өтөтОрусиянын беш облусундагы дрон чабуулу: Бутага мунай базалар алынды Украина Орусияга каршы Эл аралык сотко кайрылды