Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:55

Харьковдогу айыгышкан салгылашуу


Харьковдогу талкаланган БТР. 26-февраль, 2022-жыл.
Харьковдогу талкаланган БТР. 26-февраль, 2022-жыл.

Орус күчтөрү Украинанын экинчи ири шаары Харьковго киргени кабарланды. 27-февралдын таңында баш калаа Киевдин айрым райондорунда катуу жарылуу болду. Президент Зеленский тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр экенин, бирок мындай диалог Беларустун аймагында өтпөшү керектигин айтты.

Согуштун төртүнчү күнү


Орус чек арасынан 30 чакырымдай гана алыстыкта жайгашкан Харьков шаары айыгышкан салгылашуунун чордонуна айланды. Интернетте жарыяланган видеолордон Орусиянын аскердик техникасы Украинанын түндүк-чыгышындагы бул шаарга кирип жатканын, айрым аймактарда атышуу болуп жатканын көрүүгө болот. Жергиликтүү бийлик шаарда украин күчтөрү орус армиясына каршы күрөшүп жатканын белгилеп, калкты үйдөн чыкпай турууга чакырды.

27-февралга караган түнү Киевден анча алыс эмес жердеги Васильков шаарында чоң жарылуу болду. Украин бийлиги орус күчтөрү бул шаардагы аскердик базанын мунай кампасына сокку урганын билдирди. Орус армиясы бул аймакта артиллерияны гана эмес, баллистикалык ракеталарды колдонгону да кабарланууда. Бул базаны орус күчтөрү бир нече күндөн бери алууга аракет кылып келет. Ушул тапта аны украин армиясы көзөмөлдөп турат.

Жекшембинин таңын утурлай Киевдин аэропортунда жана шаардын батышында да жарылуунун добушу жана сирена угулду. Баш калаада коменданттык саат уланууда.

Украин президенти Владимир Зеленский орус күчтөрү жайкын тургундар жашаган аймактарга сокку уруп жатканын соңку видео кайрылуусунда белгилеп, өлкө толук бошотулмайынча күрөш улана берерин айтты.

"Украинада катаал түн өттү. Кайрадан артиллериялык аткылоолор, кайрадан калк жашаган аймактарды жана жарандык инфраструктураны бомбалоо болду", - деди украин лидери.

Аны улай Зеленский украин тарап Орусияга каршы Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык сотуна кайрылганын, Москва "агрессиясын актоо максатында геноцид түшүнүгүн бурмалап жатканы үчүн жоопко тартылышы керек" экенин билдирди.

Украин өкмөтүнүн 26-февралдагы маалыматына ылайык, Орусиянын кол салуусунан улам кеминде 198 украин жараны мерт болуп, миңден ашуун киши жараат алды. Алардын арасында аскерлер жана жөн-жай тургундар да бар.

Бириккен Улуттар Уюму соңку төрт күн ичинде Украинадагы согушта кеминде 64 жайкын тургун мерт болгонун билдирди.

Жекшембиге караган түнү Украинанын түндүк-чыгышындагы Ахтырка шаарында Орусиянын артиллериялык аткылоосунан дагы алты киши, анын ичинде 7 жаштагы кыз каза тапканын жергиликтүү бийлик ырастады.

Бирок орус армиясы жайкын тургундар жашаган аймактарды бутага алганын четке кагып жатат.

"Орусиянын куралдуу күчтөрү шаарларга жана калктуу пункттарга сокку урган жок", - деп билдирди Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков.

Орус бийлиги Украинада канча аскерин жоготконун да ачык айтпай жатат. Буга чейин украин тарап куралдуу кагылышууларда үч миңдей орус аскеринин өмүрү кыйылганын билдирген.

Польшага жер которгон украин жарандары.
Польшага жер которгон украин жарандары.

Жаңы санкциялар жана Киевдин сунушу

Орусиянын Украинага кол салганына байланыштуу Батыш өлкөлөрү Москвага каршы жаңы санкцияларын жарыялап жатат.

26-февралдын кечинде Евробиримдиктин, Франциянын, Германиянын, Италиянын, Британиянын, Канаданын жана АКШнын лидерлери Орусиянын бир нече банкын өлкөлөр арасында акча которууну камсыз кылган SWIFT глобалдык системасынан ажыратууга макул болушту. Ошондой эле Орусиянын Борбордук банкынын эл аралык резервдерине да чектөө коюу чечимин кабыл алышты.

"Биз Орусиянын Борбордук банкынын активдерин шал кылабыз. Бул чара анын транзакцияларын токтотот жана активдерди акчага айландыруу мүмкүн болбой калат", - деп билдирди Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен.

Азырынча Украинада төрт күндөн бери уланып согушту токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттер жемишин бере элек. Украин президенти Зеленский Киев Орусия менен сүйлөшүүгө даяр экенин, бирок мындай диалог Беларуста өтпөшү керек экенин айтты. Ал Беларустун аймагынан Украинага ракеталар атылганын, аскерлер кирип келгенин белгилеп, сүйлөшүүнү Варшава, Братислава, Стамбул, Будапешт же Баку сыяктуу башка шаарларда өткөрүүнү сунуштады.

Буга чейин Кремл орус делегациясы украин тарап менен сүйлөшүү үчүн Беларустун Гомел шаарына келгенин билдирген.

Орусиянын Украинага кол салганын айыптаган акция, Будапешт, 26-февраль 2022-жыл.
Орусиянын Украинага кол салганын айыптаган акция, Будапешт, 26-февраль 2022-жыл.

27-февралда Британиянын тышкы иштер министри Элизабет Трасс Москва чындап сүйлөшүүнү кааласа Украинадагы күчтөрүн чыгарып кетиши керек экенин айтты.

"Алар украиналыктардын башына мылтык такап туруп, сүйлөшүү жүргүзө алышпайт", - деди Трасс.

Орусия Украинага чабуулун 24-февралдын таңында баштаган. Москва Украинанын “демилитаризациясын” көздөрүн, Киевдин НАТОго мүчө болушуна каршы экенин билдирип жатат. Украин бийлиги Орусиянын кол салышын ачык эле согуш деп мүнөздөөдө.

Буга чейин Батыш өлкөлөрү Орусиянын бир катар банктарына жана президент Владимир Путин жана тышкы иштер министр Сергей Лавров баштаган расмий жетекчилерге санкция жарыялаган.

БУУнун маалыматы боюнча, Орусия Украинага кол салгандан бери 368 миң украин жараны коңшу өлкөлөргө качса, 160 миңи өлкө ичинде жер которду. Согуш дагы канча күнгө созулуп, дагы канча киши качкынга айланары белгисиз бойдон турат.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG