Аба ырайы: Ысык-Көл менен Нарында кар жаайт

Иллюстрация сүрөт.

Кыргызгидромет агенттигинин маалыматы боюнча, эртең 27-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...+3, күндүз 11…16;
Талас облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 10…15;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16…-21, күндүз -2…-7;
Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 14…16 градус жылуу болот.

Дагы караңыз

Украинадан чыга албай калган борбор азиялыктарЗеленский Орусиянын аскерлери турак жайларды аткылап жатканын айттыУкраинадан 114 кыргызстандык чыгарылдыУкраинадагы элчи: Бардык жарандарыбыз менен байланыштабызВоронежде курал-жарак кампасы өрттөндү. 600дөй киши эвакуация болду