Кар көчкүнүн астында калган Кытай жаранынын сөөгү табылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 26-февралда түндүк-түштүк альтернативдүү автожолунда (Балыкчы - Казарман - Жалал-Абад) көчкү басып калган Кытайдын бир жаранынын сөөгү табылганын кабарлады.

Бүгүн, 26-февралда 24 жаштагы кыргызстандык Адилет Көккөзовдун сөөгү табылганы айтылган.

"Бүгүн издөө жана унаа жолду тазалоо иш-чараларынын натыйжасында саат 15:30 чамасында бир кытай (аты-жөнү такталууда) жаранынын сөөгү табылган. Учурда эки кытай жаранын издөө жана тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп жазылган ӨКМдин билдирүүсүндө.

14-февраль күнү Түндүк-Түштүк альтернативдүү автоунаа жолунунун 332 жана 338-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшүп, жол куруу ишин жүргүзүп жаткан "Чайна Роуд" ишканасынын төрт кызматкерин автоунаалары менен басып калган. (BCh)

Дагы караңыз

Жикчил “республикаларга” добуш берген Мамдума депутаты согушту токтотууга чакырдыСадыр Жапаров менен Владимир Путин Украинадагы абалды талкуулаштыУкраинада 198 жайкын тургун каза болду, үчөө балдарАлматыдагы митингде Украинага тилектештик айтылды