Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:52

Алматыдагы митингде Украинага тилектештик айтылды


Алматыдагы Украинаны колдоо митинги.
Алматыдагы Украинаны колдоо митинги.

Бүгүн, 26-февралда Алматыдагы Илимдер академиясынын аянтына 200дөй адам чогулуп, таза абаны талап кылган митинг өткөрүштү.

Ага "Алматынын таза абасы", HAQ бирикмеси, Water Action баштаган бир нече уюмдун өкүлдөрү, экоактивисттер катышты. Алар Алматы дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын сап башында турарын, булганыч аба шаардыктардын өмүрүн кыскартып, өнөкөт ооруларын күчөтүп жатканын айтышты.

Чогулгандар шаар бийлигинен экологиялык көйгөйдү чечүүнү талап кылып, шаардагы жылуулук электр борборун 2025-жылы газга өткөрүү керектигин билдиришти. Митингде экологиялык коомдук транспортту өнүктүрүү, жер тамда жашагандарды газга акысыз кошуу, абанын алмашуусун тоскон имараттарды курууну токтотуу талаптары жаңырды.

Митингди полиция кызматкерлери көзөмөлдөп турду.

Чогулгандар Орусиянын Украинага багытталган согуштук аракеттерин да сындашты.

Орусиянын Украинага чабуулу 24-февралдын таңынан бери уланууда. 26-февралдын таңына карата Орусиянын 3,5 миңден ашык аскери каза болуп, 200гө чукулу туткунга алынганын украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк ТСН телеканалынын эфиринде айтты. Москва бул боюнча маалымат бере элек.

Бүгүн, 26-февралда Киевдеги ракеталык чабуулдан көп кабаттуу турак үй жараксыз болуп калды. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш Украинада гуманитардык көйгөй курчуп, качкындар 100 миңден ашканын Твиттерге жазды. Украин бийлиги качкындардын так саны боюнча маалымат бере элек.

XS
SM
MD
LG