Садыр Жапаров менен Владимир Путин Украинадагы абалды талкуулашты

Жапаров менен Путин телефон аркылуу сүйлөштү.

26-февралда президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөштү.

Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин расмий сайтына маалымат жарыяланды. Ушул тапта Кремлдин расмий сайты ачылбай жатат.

Эки лидер кыргыз-орус кызматташтыгынын учурда күн тартибинде турган актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Жапаров менен Путин эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алышты.

26-февралдын таңына карата Орусиянын 3,5 миңден ашык аскери каза болуп, 200гө чукулу туткунга алынганын украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк ТСН телеканалынын эфиринде айтты

Орусиянын бийлиги курмандыктар жана жарадар болгондор тууралуу расмий маалымат бере элек. Украин бийлиги кармаштын биринчи күнү 137 аскери мерт болгонун кабарлаган.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш Украинада гуманитардык көйгөй курчуп, качкындар 100 миңден ашканын Твиттерге жазды. (BCh)

Дагы караңыз

Украинада 198 жайкын тургун каза болду, үчөө балдарАлматыдагы митингде Украинага тилектештик айтылдыБайден Кыргызстандагы элчиликке Лесли Вигерини көрсөттүБишкек Украинадагы жарандарын кайтаруу жолун издеп жатат