Жалал-Абадда көчкүдө калгандардын бирөөнүн сөөгү табылды

Иллюстрация сүрөт.

Түндүк-түштүк альтернативдүү автожолунун (Балыкчы - Казарман - Жалал-Абад) 340-чакырымында туннелдин Тогуз-Торо тарабында көчкү басып калган Адилет Көккөзовдун сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

24 жаштагы маркумду туугандары менен куткаруу кызматы 14-февралдан бери издеп жатышкан. Куткаруучулар аны өзү айдап жүргөн жүктөгүч техникасынын ичинен табышкан.

Бул тилкеде жол салып жаткан "Чайна Роуд" ишканасынын дагы үч жумушчусу кар көчкү алдында калып табыла элек.

ӨКМ 14-февралда Жалал-Абадда эки жолу кар көчүп, төрт кишинин дайыны чыкпай жатканын билдирген. (TB)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалал-Абад: кар алдында калгандар табыла элек

Дагы караңыз

Украин бийлиги Орусиянын жоготуулары тууралуу маалымат бердиКиевде көп кабаттуу үйгө ракета тийдиУкраинадан чыга албай калган борбор азиялыктарВладимир Зеленский Киевде экенин билдирди