Орусия Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде Москванын Украинага кол салышын айыптаган резолюциясынын долбооруна вето койду.
Кошмо Штаттар жана Албания биргелешип даярдаган резолюцияны кеңештин 11 мүчөсү колдоду. Кытай, Индия жана Бириккен Араб Эмирлиги добуш берүүдөн карманды.
Бул резолюциянын долбоорунда Орусия Украинага каршы “агрессиясын” көрсөткөнү, Москва аскерлерин тез арада украин жергесинен чыгарып кетиши керек экени жазылган.
Орусиянын Украинага чабуулу 24-февралдын таңынан бери уланууда. Куралдуу кагылышуулар баш калаа Киев баштаган бир катар шаарларда жүрүп жатат. Украинанын бийлиги кармаштын биринчи күнү 137 аскери мерт болгонун кабарлады.
Орусия курмандыктар боюнча маалымат тарата элек. Киев 25-февраль, саат 15:00гө карата үч миңдей орус аскерин жок кылганын маалымдады. Москва муну ырастаган жок.
Дагы караңыз
Орус армиясы Украинадагы объектилерге сокку урууну улантуудаУкраина Орусиянын жүздөн ашуун дрон чабуулуна кабылдыУкраин президенти Зеленский түн оор болорун эскерттиКиев Орусия менен сүйлөшүүдөн баш тартканы тууралуу кабарды төгүндөдү