Токаев менен Мишустин Орусияга салынган санкциялардын кесепеттерин талкуулады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин Орусияга салынган санкциялардын шартында экономикалык байланыштарды жана соода алакаларды сактап калуу жолдорун талкуулашты. Бул тууралуу Казакстандын президентинин маалымат кызматы 25-февралда билдирди.

Мишустин 24-февралда Казакстандын баш калаасы Нур-Cултанга Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына барган. Ал эми Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Дүйшөмбүгө барып, Тажикстандын бийлиги менен соода-экономикалык алакаларды талкуулады.

Анын айтымында, эки өлкөнүн соода алакасы 2021-жылы 45% көтөрүлгөн.

Матвиенко Орусия Батышка жооп катары санкцияларды киргизерин билдирди. Ошондой эле жакын арада президент Владимир Путин Дүйшөмбүгө барарын кошумчалады.

АКШ, Евробиримдик, Британия, Канада, Австралия жана Жапония 25-февралга караган түнү Орусия Украинага согуш жарыялаганы үчүн Москвага жаңы санкцияларды киргизди.

Дагы караңыз

Зеленский кайрадан Путин менен сүйлөшүүнү сунуштадыПутин телефондон Си Цзинпин жана Башар Асад менен сүйлөштүКыргыз жарандарынын Тажикстанда жүрүүсү талкууландыУКМК: “Ак-Тилек” өткөрмө бекетиндеги коррупциялык схема аныкталды