АКШ Луганск жана Донецк жикчил түзүмдөрүнө санкция салды

Украинанын Донецк аймагы.

АКШнын президенти Жо Байден өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган жикчил түзүмдөргө каршы санкция салды. Тиешелүү жарлык Ак үйдүн сайтында жарыяланды.

Документ Кошмо Штаттардын жарандарына аталган эки аймактын экономикасына инвестиция салууга тыюу салат. Мындан сырткары бул жерлерге түз жана кыйыр товар алып кирүүгө жана алып чыгууга уруксат жок. Жарлык ошондой эле “ДЭР” жана “ЛЭР” түзүмдөрүндө иштеген бардык жарандарды камтыйт. Алар менен байланышы бар адамдардын АКШдагы мүлктөрүнө бөгөт коюлат.

“Орусия Федерациясынын Украинанын аймагындагы “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп аталган топторду таануусу Орусиянын Минск келишими боюнча милдеттемелерине каршы келет жана Украинанын тынчтыгына, туруктуулугуна, суверендүүлүгжана аймактык бүтүндүгүнө дагы да чоң коркунуч жаратат”.

Мунун алдында АКШнын БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги туруктуу өкүлү Линда Томас-Гринфилд шашылыш жыйында Орусиянын аракеттерин кескин айыптады. Бул жыйын Украинанын, Франциянын жана Евробиримдиктин өтүнүчү менен 22-февралга караган түнү өттү.

21-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик муну айыптаган.

Кремлдин соңку чечими Донбасста кырдаал курчуган маалда ишке ашты. Өз кезегинде Орусия Украинанын тегерегине 150 миңдей аскерин жыйнаган. (ErN)

Дагы караңыз

"Т-Медиа" редакциясы коркутуу боюнча милицияга кайрылдыМугалимдерди мазактагандарды жазага тартуу сунушталдыПрезидент дыйкандарды арзан насыяны максаттуу пайдаланууга чакырдыМамытов Матвиенко менен жолугушууда "кара тизмеге" киргендер маселесин көтөрдү