Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:31

Мамытов Матвиенко менен жолугушууда "кара тизмеге" киргендер маселесин көтөрдү


Талант Мамытов менен Валентина Матвиенко.
Талант Мамытов менен Валентина Матвиенко.

Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов 21-февралда Москвада Орусиянын Федерациялык кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолукту. Кыргыз парламентинин басма сөз кызматы алар негизинен парламенттер аралык кызматташууну, алака-катышты өнүктүрүү жолдорун талкуулаганын билдирди.

"Андан сырткары жолугушууда миграция тармагындагы кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Талант Мамытов Орусиядагы кыргызстандыктардын укуктук абалын жакшыртуу маселесине токтолуп, Валентина Матвиенкодон Кыргызстандын жарандарынын айрым категорияларын "кара тизмеден" чыгаруу боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө көмөктөшүүнү өтүндү. Валентина Матвиенко кыргыз тараптын миграция жаатындагы тынчсыздануусун эске алып, бул багыттагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча биргелешкен иштерди улантууну сунуштады", деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусия 74 миң кыргызстандык жаранды "кара тизмеге" киргизип, кирүүгө тыюу салганын билдирген.

Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык жарандардын расмий саны бир миллондон ашты.

XS
SM
MD
LG