Жалал-Абадда жасалма ПЧР-тест даярдаган лаборатория аныкталды

Иллюстрация сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Жалал-Абад шаарында Medicana Plus диагностикалык лабораториясы коронавируска каршы вакцина алганы жана оору жукпаганы тууралуу жасалма QR-коддор менен ПЧР-тесттердин маалымдамасын берип жүргөнүн билдирди. Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, ушундай эле факт Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон шаарында да аныкталган.

"Аталган лабораториянын өкүлдөрү авиакассанын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, Кыргызстандан сыртта жүргөн жарандарга жасалма ПЧР-анализдерин сатып жүргөн жана бланкасы 1100 сомдон 1600 сомго чейин бааланган. COVID-19 үчүн ПЧР-тесттерине муктаж болгондор анализ тапшырбастан WhatsАpp мессенджери аркылуу Medicana Plus лабораториясынын башкы кеңсесинин кызматкери "А.М." аттуу жаранга авиакассалар жарандардын паспортторунун көчүрмөлөрүн берип турганы аныкталды. Ушундай эле схема Базар-Коргон шаарында да аныкталган", - деп айтылат УКМК тараткан кабарда.

Аталган лаборатория буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Кыргызстанда жасалма ПЧР-тесттерин даярдоо фактылары буга чейин дагы катталып, айрым адамдар камалган.

Дагы караңыз

Турак жай кооперативдери үйлүү болгусу келгендердин үмүтүбү?COVID-19: Бир күндө 15 бейтап катталды, эки адам каза болдуКескелдирик, куйругуңду кес!