Эркинбек Каимов Жогорку Кеңештин төрагасынын басма сөз катчысы болуп дайындалды. Парламенттин расмий сайтына 18-февралда жарыяланган маалыматка караганда, Каимов журналистика тармагында кесиптик чоң тажрыйбага ээ.
Буга чейин ал парламенттик аппараттын, «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматтарын жетектеп иштеген. Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясын жетектеген. Мамлекеттик телерадиоканалда түрдүү программалардын автору жана алып баруучусу болгон.
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бул кызматка 2021-жылдын 29-декабрында келген. Ал буга чейинки чакырылышта да парламент төрагасы болуп иштеген. (RK)
Дагы караңыз
Жапаров: Тышкы карызды кайтаруу менин президенттик мөөнөтүмө туш келдиОш: Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы жана орун басары иштен четтетилиштиКөчкү алдында калгандардын жакындары издөө ишине нааразы Казакстандагы тополоңдо жети жаш балага ок тийгени маалым болду