Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:01

Жапаров: Тышкы карызды кайтаруу менин президенттик мөөнөтүмө туш келди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров бүгүн 18-февралда өлкөнүн тышкы карызы боюнча билдирүү жасады. “Фейсбуктагы” жеке баракчасындагы бул билдирүүдө мамлекет башчысы Эгемендик алгандан бери Кыргызстандын топтолгон карызы 5 миллиард долларга жакындаганын, кайра кайтаруу мөөнөтү анын президенттик мезгилине туш келип отурганын белгиледи.

“Эч маселе жок, толук төлөп беребиз. Төлөп бергенге каржы булактарыбызды жана пландарыбызды дагы аныктап койдук” деген Жапаров быйылкы жылдан баштап 2026-жылга чейин эң жогорку сумма – 350 миллион доллар төлөш керек болорун, андан кийин төлөм ылдыйлап отуруп, 2030-жылдар менен төлөнүп бүтөрүн билдирди.

Ошону менен катар президент бул акча эмгек акыны, пенсияны, жөлөкпулдарды көтөрүүгө жумшалса болмогун белгилеп, “миң долларга жеткире албайбыз, бирок казынабызга жараша максималдуу түрдө көтөргөнгө аракет кылабыз” деп кошумчалады.

Соңку расмий маалыматка караганда, Кыргызстандын мамлекеттик карызы былтыр жыл ортосунда 416 млрд сомдон (4 млрд 921 млн доллар) ашкан, бул сумманын 85% тышкы, 15% ички карыз. (RK)

XS
SM
MD
LG