18-февралда Пакистандын Карачи шаарында белгисиз жарандар Атар Матин аттуу телепродюсерди атып кетишти. Бул тууралуу өлкөнүн полициясы кабарлады.
45 жаштагы медиа кызматкер Samaa деп аталган менчик маалымат телеканалында иштечү. Балдарын мектепке алып барып, кайтып келаткан учурда ага мотоциклчен адамдар ок чыгарышкан. Атар Матин окуя болгон жерде каза тапкан.
Полициянын маалыматына караганда, күбөлөрдүн бир бөлүгү Матиндин машинеси менен кол салган кишилердин мотоциклин сүзүп алып чатак чыкканын айтса, экинчи бөлүгү журналистти талап-тоноо болгон учурда кол салганын айтышкан.
Пакистандын ички иштер министри Шейх Рашид Ахмед кылмышты тыкыр иликтөө тапшырмасы берилгенин кабарлады.
Карачи - Пакистандагы порт жайгашкан ири шаар. Анда 15 миллиондой калк жашайт жана кылмыштуулук өнүккөн калаа катары белгилүү. (ErN)
Дагы караңыз
Көчкү алдында калгандардын жакындары издөө ишине нааразы Таласта 13 жаштагы кыз кош бойлуу экени аныкталды ИИМ алдына жол кырсыктарын 50% азайтуу талабы коюлганы эскертилди Британия Орусиянын Донбасстагы жикчилдерди таануу аракетин айыптады