Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:35

Таласта 13 жаштагы кыз кош бойлуу экени аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Таластын Манас районунда 13 жаштагы кыз кош бойлуу экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда облустук ооруканын башчысынын орун басары Нургүл Момбекова "Азаттык" радиосуна билдирди.

Маалыматка караганда, кош бойлуу кыз облустук ооруканага 16-февралда жаткырылган. Текшерүү учурунда анын 27 апталык боюнда бар экени аныкталган. Мындан сырткары, бейтап кичине кезинен эле талманын (эпилепсиянын) оор түрүнө чалдыкканы белгилүү болгон.

"Бейтап ден соолугуна байланыштуу ичиндеги баланы убагына жетип төрөй албайт. Анын үстүнө баланын баш сөөгү өспөй калганы аныкталды. Боюнан операция жолу менен алдырыш керек", - деди Нургүл Момбекова.

Облустук милиция аталган факты боюнча бейтаптын апасы 8-февралда арыз жазганын билдирди. Иликтөөнүн жыйынтыгында шектүү катары 45 жаштагы өгөй атасы кармалган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. (MKt)

XS
SM
MD
LG