19-февралда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн. Түштүк-чыгыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 3…8;
Талас жергесинде түнкүсүн -4...-9, күндүз 3…8;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 1…6;
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -2…+3;
Бийик тоолордо түнкүсүн -24…-29, күндүз -6…-11 градус.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз 6…8 градус болот.
Дагы караңыз
Журналист Семетей Талас уулу УКМКда күбө катары сурак берип чыкканын айттыБадахшанда абал тынч эмесБадахшандагы чыңалуу, Дүйшөмбүнүн саясатыКТРКнын макамын, башкаруусун жана курамын өзгөртүү тууралуу мыйзам парламентке жөнөтүлдү